Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп «Шейшемби [7-апрель] Иран үчүн бир эле учурда “Электр станциялары күнү” жана “Көпүрөлөр күнү” болот. Мындай нерсе мурда болгон эмес!!! Кысыкты ачкыла, акылсыздар, болбосо тозокто жашайсыңар. КӨРӨСҮҢӨР!» - деп жазды Truth Social социалдык тармагына 6-апрелде.
Трамптын акыркы ультиматумунун мөөнөтү анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө жана медиага курган маектеринде бир нече жолу өзгөрдү.
5-апрелде The Wall Street Journal басылмасына маегинде ал Иран эки күндүн ичинде Ормуз кысыгын кайра ачышы керек экенин, болбосо «өлкөдөгү бардык электр станцияларын жана башка объекттерин жоготушарын» айткан.
Кийинчерээк 7-апрель, АКШнын чыгыш убактысы боюнча кечки саат 20:00го чейин убакыт берген.
6-апрелде Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Тегеран шаарына жакын аймактарда АКШнын жана Израилдин аба соккуларынан кеминде 19 адам каза болуп, 20 киши жаракат алды.
Шахрияр жана Бахарестан райондору соккуга кабылып, эки турак жай имараты толугу менен талкаланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып IRNA агенттиги билдирди.
Урандылардын алдынан бир нече адамдын сөөгү табылды. Tasnim агенттиги каза болгондордун арасында 10 жашка чейинки алты бала бар экенин жазды. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар ырастай элек.
6-апрелдеги таңкы чабуулдарда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын башчысы Мажид Хадеми набыт болгону кабарланды. Ал 2025-жылы бул кызматка дайындалып, мурда жогорку деңгээлдеги чалгын жана контрчалгын кызматтарында иштеген.
Израилдин маалымат каражаттары 6-апрелде Иран Тел-Авив шаарынын аймагына чабуул койгон учурунда кассеталык ок-дары колдонгонун билдиришти.
Ynet агенттигинин маалыматына ылайык, болжол менен 20 жерге сокку тийген. Бир нече адам жаракат алып, алардын бири оор абалда. Ошондой эле мектеп имараты жабыркаганы айтылды.
Дагы караңыз
"Башка согуштарды дыкат изилдеп турат". Бээжин Ирандагы жаңжалдан кандай сабак алууда?Жашыруун дипломатия
Коркутууларга карабастан Трамп дипломатиялык мүмкүнчүлүк дагы бар экенин билдирүүдө.
Axios басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ, Иран жана аймактык ортомчулар 45 күндүк ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул келишим кийин туруктуу тынчтыкка алып келиши мүмкүн.
Трамп Axios’ко курган маегинде келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү «жакшы» экенин айтты.
«Мүмкүнчүлүк бар, бирок эгер келишим болбосо ал жактагынын баарын талкалайм», — деди ал.
Маалымат булактары билдиргендей, АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объекттерине каршы ири бомбалоо планы даяр турат. Бирок мөөнөттү узартуу дипломатияга акыркы мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги Пакистан даярдаган сунуш тараптарга берилгенин кабарлады. Бул план шарттуу түрдө «Исламабад келишими» деп аталат.
Ага ылайык, ок атышуу дароо токтотулуп, Ормуз кысыгы толук ачылышы керек. Андан кийин 15–20 күн ичинде кеңири келишим түзүлүп, анда Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча милдеттенмелерди алып, анын ордуна санкциялар жеңилдетилип, камактагы активдердин кайтарылышы каралат.
Пакистан армиясынын башчысы, фельдмаршал Aсим Мунир түн ичинде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен байланышта болду.
Иран бул сунуштарга жооп бере элек.
Дагы караңыз
АКШнын аскердик учагы Иранда атып түшүрүлдүИрандын эскертүүсү
Трамптын билдирүүлөрүнө жооп кылып Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Калибаф АКШны «кооптуу оюнду» токтотууга чакырды.
Ал Вашингтонду «жоопкерчиликсиз кадамдарга» барууда деп айыптап, «бул бүтүндөй аймакты алоолонтуп жибериши мүмкүн» экенин эскертти.
Ошол эле учурда Трамп 3-апрелде Ирандын түштүк-батышында атып түшүрүлгөн F-15E Strike Eagle учагынын экинчи учкучу куткарылганын билдирди.
Түн ичинде жүргүзүлгөн бул татаал операцияга АКШнын атайын күчтөрү катышып, ага Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана «Басиж» кошуундары тоскоолдук жаратууга аракет кылышкан.