Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Б.Р. аттуу кызматкеринин үстүнөн түшкөн даттанууга байланыштуу ыкчам тартипте текшерүү жүргүзүп, анын дарегине айтылган айыптоолорго тиешеси бар-жогун аныктоо иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызмат 6-апрелде билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча УКМКнын жетекчилиги бардык жагдайлар толук аныкталганча жана укуктук баа берилгенче аны ээлеген кызматынан убактылуу четтетип турууну чечти. Ишти Аскер прокуратурасы тергемей болду.
Социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында Бишкек шаарынын тургуну Аймээрим Өмүрзакова аттуу жарандын УКМКнын Б.Р. аттуу кызматкерин айыптап, ал үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүп, күйөөсүн уруп-сабап, мүлкүн үчүнчү тарапка каттап берүүнү талап кылганын айтып видео кайрылуусу жарыяланган.
Анын маалыматына караганда, күйөөсүн былтыркы жылдын августунан тартып бир нече жолу УКМКга суракка чакырышкан, мүлкүн үчүнчү тарапка жаздыруусун талап кылышкан. Басым алдында күйөөсү 2020-жылы чыгарылган Toyota Avalon унаасын өткөрүп берген.
Өмүрзакова УКМК кызматкерин айыптап, мекеменин өзүнө, президентке, Аскер прокуратурасына кайрылганын, бирок ушул кезге чейин эч кандай жыйынтык болбогонун, күйөөсү атайын кызматтын тергөө абагында 68 күн камалып чыкканын билдирген. Ошондой эле ал 12-мартта Б.Р. кызматынын пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголуп, кармалганын, Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылганын айткан.
Кеп болуп жаткан кызматкердин өзү же адвокаттары, жактоочулары, тарапкерлери анын дарегине айтылган айыптоолор, маалыматтар боюнча комментарий бере элек.
УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери жети адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин 18-мартта билдирген. Анын сөзүнө караганда, мындан сырткары 83 киши бошотулуп, 13ү тартип жазасына тартылды. Алты киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынган.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (ZKo)