Шакафтар: “Урандын уулуу жыты сезилет”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Союз учурунда Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Сумсар, Шакафтар айылдарында коргошун, уран казылып турган. Жабылган кендердин уулуу калдыктары жарым кылымдан бери толук зыянсыздаштырылбай турат.

Шакафтарлык тургундар “урандын калдыгын алгандан кийин жерди жакшы жапкан жок” десе, сумсарлыктар уу калдыктары дегеле ачык бойдон калганына кабатыр.