Кыргызстан менен Египеттин кызматтык паспорт ээлерине визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Египеттин өкмөттөрүнүн дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу макулдашуусун ратификациялаган мыйзам долбооруна кол койду.

Маалымат президенттин сайтына 7-апрелде жарыяланды.

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтү 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандар үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу келишимине жетишкен.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстан менен Египеттин дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандары бул өлкөлөрдө 90 күн визасыз жүрө алышат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 12-мартта карап, кабыл алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Алагөзов "Бакай банк" Ачык диалог фондун сотто утуп алганын билдирдиБШК Абдылдабек Эгембердиевди депутаттык мандаттан ажыраттыАКШ менен Иран эки жумалык ок атууну токтотууга макулдашканы жарыяландыСооронкулова: Ташиев саясий куугунтук болгонун мойнуна алдыУкраинанын Никополь шаарында автобуска урулган соккудан үч кишинин өмүрү кыйылды