14-апрелге чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
8-10-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
9-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 14…16° болот.