"Кылым шамы" уюму пикир үчүн камалгандардын ишин кайра кароого чакырды

Аскат Жетиген Бишкек шаардык сотунда. 17-октябрь, 2024-жыл.

"Кылым шамы" укук коргоо уюму 2022-жылдан берки аралыкта Кыргызстанда алтымышка жакын - 58 адам тынч митингге чогулганы, соцтармактарда пикирин билдиргени, башка пикирлерди бөлүшкөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын эсептеп чыкты.

Анын ичинен 48 адамга каршы кылмыш иши Ички иштер министрлиги тарабынан козголуп, 11 адам соттолгон. Ал эми 10 адамга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш ишин козгоп, тогузу соттолгон.

Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова 2022-2025-жылдары өлкөдөгү биринчи инстанциядагы соттор тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Жапырт башаламандыктар") боюнча 72 адам соттолсо, бешөө аялдар болгонун, 327-берене ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" менен 31 адам соттолсо, бешөө аялдар, 330-берене ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен 77 адам соттолсо, 11и аялдар экенин белгиледи. Жыйынтыгында бул беренелер боюнча үч жылда 180 адам сот жоопкерчилигине тартылган.

"Бул иштердин дээрлик бардыгында жалгыз далил катары Улуттук илимдер академиясынын жана Соттук-экспертиза кызматынын корутундулары көрсөтүлгөн. Мен Илимдер академиясы соттук экспертиза жүргүзүүгө укуксуз болгону үчүн бул иштер эмне себептен алигүнчө кайра каралбай жатканына түшүнбөйм. Бул маселени дайыма көтөрүп келем, бирок менин сөзүм угулбай кала берет. Ошол эле учурда мен сын пикиримди жарыяласам, мени укмак тургай, таап, жазалашат", - деп жазды Абдирасулова.

Укук коргоочу тийиштүү органдарга кайрылып, Улуттук илимдер академиясы соттук экспертиза жүргүзүүгө мыйзамдуу укугу жоктугуна карабай, алардын чыгарган экспертизалык корутундулары бардык ушул иштерге негиз болуп бергенин, адамдар кармалып, камалышканын, айрымдары бүгүн пробацияда, айрымдары абакта жатышканын белгилөөдө.

Абдирасулова эгер Башкы прокуратура же Жогорку сот бул иштерди кайра кароону чечсе, "Кылым шамы" ага көмөктөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Февраль айынын башында Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагалыгынан кетүүсү менен коштолгон кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам бир катар медиа уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, "Жапырт башаламандык" жана башка оор беренелер боюнча козголгон иштер боюнча айыпталгандардын ишин кайра кароого чакырышкан.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин белгилеп келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Мадумаров соңку беш жылда козголгон кылмыш иштер кайрадан иликтениши керектигин айтты"Өкмөттөн АКШга элчиликке". Байсаловдун вице-премьерлиги эмне менен эсте калды? Эдил Байсалов кызматынан кетип жатканын айттыИзраил Ливанга 10 мүнөттө 100 жолу сокку урду, көптөгөн киши каза таптыКемпир-Абад иши: Прокуратура кассациялык сунуштама боюнча чечимин аныктай элекЭки айда 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, бул былтыркыдан 44% көп