Орусиянын президенти Владимир Путин популярдуулугунан кол жууп баратат. Буга балким мамлекеттин көрсөтмөсү менен мобилдик интернеттин өчүрүлүшү миллиондогон орусиялыктын күнүмдүк турмушун өзгөрткөнү себеп болду. Балким орусиялыктардын саякаттоо пландарын үзгүлтүккө учураткан жана Балтика деңизиндеги мунай экспортун олуттуу чектеген украиналык дрондордун соккулары же Сибирдеги дыйкандарды нааразы кылган ылаңдаган жандыктарды жапырт кыруу алып келди. А балким Кремлдин убадаларына карабай, Украинадагы согуштун создугушу, бир миллиондон ашуун орусиялыктын каза тапканы жана жарадар болгону таасир этти.
Себеби кандай болбосун, акыркы эки жумада жүргүзүлгөн сурамжылоолор Путинди колдогондор азайганын көрсөтүүдө. Болгондо да эки изилдөөнү бийлик менен байланыштагы социологиялык компаниялар уюштурган. Президенттин администрациясын тейлеген FOM компаниясы элдин пикирин сураганда, Путинге болгон ишеним 2022-жылдын сентябрынан берки эң төмөн чекке түшкөнү белгилүү болду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусия: Интернет бөгөттөлүп, мигранттар кыйналды
Арйине мындай көрүнүш Кремл саясий кризиске батты дегенди туюндурбайт. Путин өлкөнүн атаандашсыз лидери бойдон калууда. Кремлдеги аткаминерлер, биринчи кезекте президенттин администрациясы жылдар бою шайлоо процесстеринде орус жарандарынын тандоосу бар деген иллюзияны түзүүгө аракеттенип келишти.
Бирок эксперттердин айтымында, жетекчилер коомдук пикирдин өзгөрүүсүнө кайдыгер кала албайт, азыркы өзгөрүүлөрдү администрация, асыресе саясий системаны башкаруу үчүн жооптуу адамдар жакшылап иликтеп жатышат.
Лондондогу Падышалык коллеждин Орусия институтунун директору Гүлназ Шарафутдинованын айтымында, элдин маанайындагы мындай өзгөрүүнүн артында түрдүү факторлор турушу мүмкүн: Украинанын учкучсуз учактарынын чабуулдары, Telegram, WhatsApp сыяктуу мессенжерлердин, интернеттин үзгүлтүккө учурашы, АКШнын ортомчулугу менен жүргөн Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө артылган үмүттүн акталбай калышы, экономикага залакасы сезиле баштаган уруштун создугушунан чарчоо.
Мобилдик тиркемени колдонгон курьер. Москва, 17-март 2026-жыл
Эксперт “бул - революция болот дегенди билдирбейт, бирок мындай чыңалуунун күчөшү Кремл үчүн оң көрүнүш эмес” деп эсептейт.
Тел-Авивдик социолог, орус өкмөтүнүн мурдагы кеңешчиси Константин Гаазе: “кайсы бир социалдык жараяндарды, социалдык топторду сөз болгон тенденцияларга байланыштырган жетиштүү маалымат жок экенин” белгилеп, “ким чарчады, ким нааразы же ким кыжырданууда, белгисиз”, - деп айтат.
“Интернетти өчүрүү же чектөө өңдүү орусиялыктардын күнүмдүк турмушуна көбүрөөк аралашып жатышканына күбө болуудабыз. Мындан тышкары созулуп келаткан тенденция да бар. Согуш Орусиянын европалык бөлүгүндө көбүрөөк сезилип калды. Учкучсуз учактар, мунай иштеткен заводдорго урулган соккулар жана башка окуялар болуп жатат. Мунун бардыгы убакыт өткөн сайын топтолуп калат”, - деп улантат эксперт.
Уйлар, бадран жана технологиялар
Узак жылдар бою технологиялар жаатындагы тескөөчү органдар жана атайын кызматтар тыңшап-аңдуучу жабдыктарды орнотуп, чектөөчү мыйзамдарды кабыл алып, компанияларды Кремлге жакын ишкерлерге сатууга күчтөп, эрежелерди сактабаган веб-сайттар менен тиркемелердин ишин жайлатып интернеттин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп келишти.
Бирок акыркы бир жылда орус бийлиги улам бир региондо мобилдик интернетти өчүрүүгө киришти.
Кремл муну украиналык дрондордун орусиялык навигация түйүндөрүн колдонуусун алдын алуу чарасы деп түшүндүрөт. Бирок Telegram жана WhatsApp өңдүү популярдуу тиркемелердин ылдамдыгына, ишине тоскоолдук түзүү миллиондогон кишинин, өзгөчө Москва тургундарынын көнгөн жашоо ыргагын үзгүлтүккө учуратты.
Мартта көз карандысыз "Левада" борбору жарыялаган социалдык сурамжылоого ылайык, интернет жакшы иштебегенин айткан жана Telegram, WhatsApp мессенжерлерин чектөөгө нааразы болгон жарандар көбөйдү.
Малды кырууга нааразылык билдиргендер. Новосибирск, 1-апрель, 2026-жыл
Ал арада февралдын башында Сибирдеги бир нече жерде ветеринардык кызматтар кутурма ылаңы жайылганын айтып, карантин киргизген жана он миңдеген баш уйду жана башка малды кырган.
Фермерлер жана малчылар аны ашыкча чара деп сыпаттап, жакыр айыл-кыштактардын жашоо-тиричилиги талкаланып жатканына, айрымдары жетиштүү кенмете төлөнбөгөнүнө даттанышууда.
Кээ бирлери учурда сейрек көрүнүшкө айланып калган Москвадагы Кызыл аянтка чейин нааразылык акциясын өткөрүштү.
Бир нече жыл жогорулап келген экономикалык өсүштүн темпи сезилерлик жайлап баратат. Инфляция баалардын кымбатташына алып келди, айлык акылар көтөрүлбөй мурдагы чекте турат.
Согушту сөз кылбагыла
Мындан тышкары төрт жылдан бери согуш жүрүп жатат. АКШнын президенти Дональд Трамптын чабармандары Путин менен бир нече жолу жолуккан. Бирок сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалды.
Краснодар крайындагы мунай кууруну коблган дрон чабуулунун кесепети. Орусия, 9-апрель, 2026-жыл
Кайсы бир деңгээлде буга АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуулдары себеп болду. Эң негизгиси Орусиянын аймактык жана кепилдик берүү талаптарын Украина кабыл алынгыс жана опурталдуу деп четке кагууда.
Саны жагынан чаканыраак жана оор куралы, артиллериясы, ок-дарысы чектелген украин армиясы орус аскерлерине Кремлдин максаттарына тез жетүүгө жол берген жок. Орус куралдуу күчтөрү чоң жоготууларга учурады.
FOM компаниясынын изилдөөсүнө караганда, Путинди жактыруу рейтинги согуш башталган 2022-жылдын сентябрында абдан төмөндөгөн.
Өткөн айда Кремлдин колдоочусу Илья Ремесло согуш жана өлкөдөгү абал тууралуу курч макала жазып, коомдук пикирди козгогон. Ал Путиндин өзүн сындап, согуш кылмышкери деп атаган жана Орусияны талкалап жатканына даттанган.
Эки күнгө жетпей ал психиатриялык ооруканага жаткырылганы менен ыктыярдуу дарыланып жатабы же жокпу белгисиз. Азыр анын кайда экени да беймаалым.
Мурдагы “Эхо” радиостанциясы социолог Елена Конева төмөнкүдөй комментарийин жарыялады:
“Путинди колдоо” деп аталган кардын чоң үймөгү эрип баратат. Бир заматта урабайт, акырындык менен эрип жатат. Бул абдан маанилүү өзгөрүү, алгачкы белгилери. Аны мындан аркы куугунтук менен токтотуу мүмкүн эмес, себептери көп”.