Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегерандын Ормуз кысыгындагы абал боюнча аракетин сындап, аны «абийирсиздик» деп атады. АКШ лидеринин мындай билдирүүсү америкалык жана ирандык жогорку кызматтагы расмий өкүлдөрдүн Пакистандын борбор калаасы Исламабадда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө камданып жатышкан чакта жасалды.
"Иран мунайдын Ормуз кысыгы аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо милдетин өтө начар аткарып жатат, айрымдар муну абийирсиздик деп да аташмак. Бул биз жетишкен макулдашууга туура келбейт!", - деп жазды Трамп 9-апрелде Truth Social социалдык түйүнүнө.
Дагы бир постуна ал "Иран Ормуз аркылуу өтүп жаткан танкерлерден акы алып жатканы тууралуу кабарлар келүүдө — андай кылбаганы эле туура болот, а, балким, ошондой кылып жатышкан болсо, дароо токтоткону ырас!" деп билдирди.
Тегерандын мунаса жетишилгенден кийинки Ормуздагы аракеттери жана Израилдин Ливанга чабуулдарын токтотпой жатканы дээрлик бир жарым айдан бери уланган согушту убактылуу болсо да басуу жөнүндөгү мунасага көлөкө түшүрүүдө.
Атышууну эки апта токтото туруу тууралуу жетишилген келишимдеги Трамптын негизги талабы Иран жаап койгон Ормуз кысыгынан кемелердин өтүшүнө тоскоолдук жаратпай, жолду ачуу болгон. Тегеран кеме кыймылына кайрадан жол ачууну убада кылган.
Мурда, согуш башталганга чейинки убакта, Ормуз аркылуу өткөн кемелерден төлөм эч качан алынчу эмес. Бул кысык эл аралык суу жолу болуп эсептелет жана кайсы бир өлкөнүн юрисдикциясына карабайт.
Дагы караңыз
Трамп "реалдуу макулдашуу" түзүлгүчө АКШ аскерлери Ирандын айланасында кала берерин айттыДүйнөлүк энергетика кризиси
Иран Ормуздагы кыймылды тороп, бөгөттөп салышынан улам мунай жана газ танкерлеринин тыгыны пайда болуп, дүйнөлүк энергетикалык кризиске жана баалардын өсүшүнө алып келди. Ал эми жол акысы алына баштаганы тууралуу маалымат бир катар ири мамлекеттерди таң калтырып жатканы айтылды.
Европа Биримдиги, Улуу Британия, Греция жана башка өлкөлөр эгер бул маалымат чын болсо, анда Иран туура эмес кадамга барып жатканын белгилеп, Тегеранды айыпташты. Bloomberg агенттиги кеме компаниялары ар бир кеме үчүн 2 миллион долларга чейин төлөшү керек болуп жатканын кабарлады, ал эми Financial Times гезити Иран бийлиги төлөмдөрдү криптовалюта же кытай юаны менен гана жүргүзүүнү талап кылып жатканын билдирди.
Перс булуңу аймагындагы үч күндүк сапары учурунда Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Тегерандын бул маанилүү кысык аркылуу өтүүчү кемелер үчүн жол кире алуусу деген болбошу керектигин айтты:
"Биздин позициябыз - "ачык" дегенден кийин кемелердин коопсуздугу үчүн ачык болушу керек. Бул кемелердин каттамы акысыз болот жана алар аталган аймактан өтө алышат дегенди туюндурушу зарыл".
Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Кая Каллас, өз кезегинде, кемелердин өтүшүн камсыз кылууга чакырды.
"Биз бардык кызыкдар тараптарды аймактагы атышууну токтотуу тартибин толук сактоого, бардык аскердик операцияларды токтотууга жана кемелердин эл аралык укукка ылайык Ормуз кысыгы аркылуу эркин жана коопсуз өтүшүн толук камсыз кылууга чакырабыз", - деди ал.
Мунай азыктарынын 95 пайызын Жакынкы Чыгыштан алган Жапониянын премьер-министри Санаэ Такаити Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чыңалууну басаңдатууну жана кысыктан өтүп бараткан кемелердин коопсуздугун камсыз кылууну суранды.
9-апрелде Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн жогорку лидери аятолла Можтаба Хаменеиники деген билдирүү таратты. Андагы маалыматка караганда, Тегеран кысыкты көзөмөлдөп, бул маанилүү транспорттук артериянын ишин жеке өзү жөнгө салып турууну көздөйт.
Билдирүүдө Иран "Ормуз кысыгын башкарууну сөзсүз түрдө жаңы деңгээлге чыгарат" деп гана айтылды, бирок чоо-жайы түшүндүрүлгөн жок.
"Иран согушууга умтулбайт, бирок өз укуктарынан да баш тартпайт", - деп айтылды мамлекеттик телеканал аркылуу.
Хаменеи согуш башталгандан бери эл алдында көрүнө элек. Ал тапта коомчулукта анын саламаттыгы тууралуу ар кандай маалыматтар утур чыгып келет.
Дагы караңыз
Иран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастадыПакистанда АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү пландалууда
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, атайын чабарман Стив Уиткофф жана президенттин кеңешчиси Жаред Кушнер Пакистандын борбору Исламабадга 10-апрелде барары күтүлүүдө. Ал жерде сүйлөшүүлөр үчүн чечүүчү мааниге ээ боло турган жолугушуу өтөрү пландалууда.
Ал эми Ирандын делегациясын бул өлкөнүн башкы дипломаты Аббас Аракчи жана парламенттин төрагасы, таасирлүү саясатчылардын бири катары таанылган, соңку кездери АКШнын дарегине ачуу билдирүүлөрдү жасаган Мохаммад-Багер Галибаф жетектеп барары айтылды.
Расмий сүйлөшүүлөр 10-апрелде башталабы же 11-апрелдеби, азырынча белгисиз, бирок Пакистан сүйлөшүүлөрдүн алдында борбор калаада эки күндүк эс алуу жарыялады. Ири дипломатиялык иш-чаралар учурунда коопсуздук маселелеринен улам бийлик көпчүлүк учурда ушул сыяктуу бир катар чектөөлөрдү киргизип, элине эс алуу күндөрүн жарыялайт.
Дагы караңыз
Иранда абадан сокку токтоп, Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштадыИранга каршы бир топ катуу билдирүүлөрүнө карабастан АКШ президенти Дональд Трамп 9-апрелде NBC News телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып Тегеран менен тынчтык келишимине байланыштуу "абдан оптимисттик" маанайда болуп жатканын билдирген жана Израил Ливанга каршы соккуларын азайтарын айткан.
Ошону менен катар ал Ирандын лидерлери жалпыга жарыяланбаган жеке сүйлөшүүлөрдө "алда канча эстүүлүк" көрсөтүп жатканын айтып, "эгер мунасага келбесе алар үчүн оңой-олтоң болбой турганын" эскертти.
Израил жана Ливан маселеси
Аймактагы соңку кырдаалга байланыштуу дагы бир, мааниси жагынан кем эмес сүйлөшүү келерки аптага пландалып жатканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна АКШнын Мамлекеттик департаментинен маалымдашты. Ал - Израилдин жана Ливандын өкүлдөрүнүн жолугушуусу.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун буйругу менен 8-9-апрель күндөрү Ливандын аймагы жапырт бомбаланып, эки күндө 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Израил армиясы бул соккулар Ливандагы Иран колдогон "Хезболла" тобунун согушкерлерине каршы урулганын билдирүүдө.
Иран атышпоо тууралуу АКШ менен жетишилген макулдашууда Ливан дагы камтылганын, соккулар анын шарттарын бузганын билдирди. Ал эми Израил Ливандагы операциясын токтотуу жөнүндө сөз болбогонун, Тегерандын колдоосуна таянган уюмга каршы операцияны улантарын айтууда.
Дагы караңыз
"Бир күндө 250дөй өлүм". Израилдин Ливанга чабуулу, Ирандын келишим боюнча эскертүүсүАКШ террордук деп жарыялаган "Хезболла" уюмунун аракеттерин жана Ирандын чабуулдарын айыптоо менен катар дүйнө лидерлери Ливандагы соңку чабуулдарды жол берилгис деп аташты.
Кошмо Штаттар менен Израил Тегеран менен түзүлгөн келишимде Ливан тууралуу сөз болбогонун айтса, Ирандын расмий өкүлдөрү Ливан маселеси ал документте камтылганын жана бул өлкөнүн аймагына кол салуу келишимдин шарттарын бузарын билдирүүдө.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Кая Каллас "Израилдин кылганы АКШ менен Ирандын ортосундагы мунасага олуттуу коркунуч келтирип жатканын" 9-апрелде айтты жана атышпоо талабы Ливанга карата да колдонулушу зарылдыгын кошумчалады.
Британ өкмөтүнүн башчысы Стармер Израилдин Ливанга каршы чабуулдарын "туура эмес" деп атап, алар "тез арада токтотулушу зарыл" экенин белгиледи.
Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Америка лидери Дональд Трамп согуштун башкы максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айткан. Өзөктүк программасы тынчтык максатын гана көздөй турганын белгилеген Иран алардын чабуулуна жооп кылып, Кошмо Штаттардын Перс булуңундагы аскер базаларына жана союздаштарынын инфратүзүмүнө сокку уруп келди.
7-апрелде Трамп эгер Иран келишимге келбесе анын бүтүндөй цивилизация жок болорун эскерткен.
8-апрелде тараптар атышууну эки апта токтото туруу жөнүндө мунасага келгенин жарыялашкан.
Вашингтон да, Тегеран да муну өз жеңиши катары сыпатташкан.