Боом капчыгайындагы кыймыл убактылуу чектелет

Боом капчыгайы. Архив.

Таш кулатуу иштери жүргүзүлүүсүнө байланыштуу Боом капчыгайындагы жол тилкесинде 13-апрелден 17 апрелге чейин күндүз автоунаа кыймылы чектелет.

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына караганда, таш кулатуу иштери саат 10:00-16:00 аралыгында жүрөт. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери көмөктөшөт.

Иш жүрүп жаткан кезде унаалар коопсуздук үчүн токтотулат, эки тарапта 30-40 автоунаа топтолуп калган чакта бир тарап менен жүрүүгө уруксат берилет.

Министрлик Бишкек-Нарын-Торугарт жолу менен сапарга чыгуучу айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү сапарын алдын ала пландаштырууга чакырды. Ошол эле учурда таш кулатуу иштеринин графиги аба ырайына карай өзгөрүп кетиши ыктымалдыгы да эскертилди.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу жана аларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жылына бир нече жолу унаа кыймылына чектөө киргизилип турат.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз саясатын кызыткан каттын "изи"Орусияда Telegram мессенжерин бөгөттөө болуп көрбөгөндөй чекке жеттиИсламабадда АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү учурунда эки күндүк эс алуу жарыяландыБШК №19 шайлоо округунан талапкер Рамис Жунусалиевдин каттоосун жокко чыгардыАлтынчы кабаттан кулап, оор абалда жаткан кыз эсине келдиУКМК коррупцияга шектелген үч кызматкерин кармаганын маалымдады