Бишкекте бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 2009-жылы туулган Н.С. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул маалыматты Бишкек шаардык милициясы "Азаттыкка" ырастады.
16 жаштагы өспүрүм 4-апрелде саат 18:00 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Жакындары милицияга 6-апрелде кайрылган.
10-апрелде анын сөөгү шаардагы суу сактагычтардын биринен табылган.
"Алдын ала кароодо денесинде көзгө көрүнгөн жаракат белгилери аныкталган эмес", - деп айтылды милициянын маалыматында.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Апрелдин башында Нарын районундагы Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганы белгилүү болуп, милиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогон.
Иш, мекеменин маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен козголду.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 14кө көп.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов былтыр суицидге барган өспүрүмдөрдүн көбү Жалал-Абад облусунда катталганын билдирген. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте 12, Ош шаарында үч өспүрүм өз жанын кыйганы айтылган.
Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары, 11и студенттер, беш бала эч жерде окубаганы, 66,3% эркек балдар, 33,7% кыздар экени аныкталган.
Милиция суицидге барган балдардын көпчүлүгү ата-энеси миграцияда жүргөндөр экенин билдирип келет. Өз жанын кыйган айрым балдардын жакындары өлүмгө мектептеги чоңсунуу, рэкетчилик себеп болгонун да айтып чыгышкан. (КЕ)