"Тарыхый жолугушуу". Пакистандын АКШ менен Иранды элдештирүү аракети

Пакистан АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярданууда

Пакистандын борбору Исламабадда АКШ менен Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн жолугушуусу күтүлүүдө. Бул өлкөдөгү соңку 40 жылдан берки эң маанилүү дипломатиялык иш-чаралардын бири болушу мүмкүн. Эки тарап Пакистандын ортомчулугу менен эки аптага ок атышууну токтотуу келишимине жетишкен.

Эмнеге эки тарапты элдештирүүгө Пакистан киришти?

Дүйнөнүн көңүлү ушул күндөрү Исламабадда. Пакистандын башкалаасындагы оймо түшүрүлгөн, жыгач каланган дубалдары жана роза формасындагы шам чырактары менен белгилүү Serena Hotel мейманканасы жогорку даражалуу коноктор үчүн толугу менен бошотулду.

Буга чейин орун ээлеп койгон меймандарга кенемте төлөнүп, башка жактарга которулду.

Эки күндүк эс алуу жарыялангандыктан калаа дээрлик бош калды.

Кадам сайын коопсуздукту камсыздоого тартылган полиция кызматкерлерин, аскерлерди көрүүгө болот. Алардын жалпы саны он миңге жетет.

"Бул эл аралык маселеде Пакистан абдан жакшы роль ойнойт. Пакистан бул маселеде лидер болуп, дүйнөдө тынчтыктын булагына айлансын деп Алладан тилейм. Кудайга шүгүр, бүгүн өкмөт бүтүндөй шаарда эс алуу жарыялады. Бул сүйлөшүүлөр тынч өтүшү үчүн жасалды. Алла бизге ийгилик берсин”,-дейт Исламабаддын тургундарынын бири.

АКШ-Иран делегацияларынын сүйлөшүүсү өтөрү күтүлүп жаткан мейманкана

Адатта эл аралык жаңылыктарда коопсуздук маселелери жана туруксуз экономикасы менен белгилүү болгон Пакистан бул жолу Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы алгачкы түз сүйлөшүүлөргө аянтча болору күтүлүүдө.

Жолугушуунун максаты бир нече жумага созулган, миңдеген адамдардын өмүрүн алган жана дүйнөгө таасир эткен согушту токтотуу.

Бул жетишкендик Исламабад менен Ак үйдүн ортосундагы мамиле канчалык өзгөргөнүн көрсөтөт. Анткени буга чейин АКШнын бир нече администрациясы, анын ичинде Трамптын өкмөтү да, Пакистанды Ооганстандагы талибдерге каршы НАТО-АКШ согушу учурунда “кош оюн” жүргүздү деп айыптап келген.

Бул дем алыштагы сүйлөшүүлөргө АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана анын күйөө баласы Жаред Кушнер катышары айтылган.

Вэнс 2011-жылдан бери Пакистанга келген эң жогорку даражалуу америкалык расмий өкүл болмокчу.

Аналитиктер белгилегендей, Пакистандын ортомчу болушу анын дүйнөлүк аренадагы ролун олуттуу жогорулатты.

Пакистан эмнеге согушту жөндөөгө киришти?

Пакистан менен Ирандын чек арасы 900 чакырымды түзөт. Бул чек ара Ирандын Систан-Белужистан провинциясы менен Пакистандын Белужистан аймагын бөлүп турат. Эки аймакты байырлаган белуж этникалык топтору узак убакыттан бери Тегеран менен Исламабаддагы бийликке нааразы болуп келишет.

Андан тышкары чөлкөмдө бир катар куралдуу топтор бар. Алардын арасында Иранга каршы багытталган «Жайш ал-Адл» (мурунку «Жундуллах») уюму, ошондой эле Пакистан тараптагы белуж жекчил топтору бар.

Перс булуңундагы башка ислам өлкөлөрүнөн айырмаланып Пакистанда АКШнын аскердик базалары жок жана ал Ирандын ракеталык же дрондук чабуулдарынын бутасына айланган эмес.

“Эгер согуштун айынан башаламандык күчөп, Ирандагы режим алсырап, өлкө ичинде, айрыкча түштүк-чыгыштагы Систан-Белужистан аймагында туруксуздук жаралса бул Пакистан үчүн өтө кооптуу жагдай болот. Эмне үчүн? Анткени Пакистан буга чейин эле батыш тарабында туруксуздукка туш болуп жатат. Инд дарыясынын батышындагы аймактарда "Техрик и-Талибан Пакистан" тобунун жана белуж козголоңчуларынын аракеттеринен улам Пакистан бул эки көйгөй менен бир учурда күрөшүп жатат”,- деди башкы кеңсеси Вашингтондо жайгашкан "Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча кеңеш" уюмунун улук эксперти Камран Бохари “Рейтер” агенттигине курган маегинде.

Адистер Пакистан мунайга бай Перс булуңундагы өлкөлөр менен байланыштарын бекемдеп, Иран менен каалабаган жаңжалга аралашып кетүү коркунучунан да сактанганын белгилешет. Айрыкча былтыр Исламабад менен стратегиялык өз ара коргонуу келишимине кол койгон Сауд Арабиясы да бул согушка тартылып кетиши мүмкүн болчу.

“Бул согуш уланып, Иран агрессивдүү түрдө чабуулдарын күчөтүп, Сауд Арабиясына соккуларды көбөйтсө, анда Пакистан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы стратегиялык өз ара коргонуу келишими ишке кириши мүмкүн. Ал эми Пакистан мындай жолго түшүүнү каалабайт. Өлкө аскердик жаңжалга түз аралашкысы келбейт, бирок согуш күчөп кетсе мындай сценарийге мажбур болушу мүмкүн эле”, - дейт Камран Бохари.

Американын вице-президенти Жей Ди Вэнс Исламабадага жолго чыгардын алдында. 10-апрель, 2026-жыл. Вашингтон.

Лондондогу Кингс коллежинин согуш изилдөөлөрү бөлүмүнүн илимий кызматкери Аиша Сиддиканын айтымында, “согушка кирүү оңой, бирок андан чыгуу абдан кыйын”.

Сиддиканын белгилешинче, аймакта Иран менен да, АКШ менен да сүйлөшө алган жалгыз өлкө Пакистан болду жана ал бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланды.

Андан тышкары Пакистан Ирандын Ормуз кысыгын жарым-жартылай жаап койгонуна байланыштуу энергетикалык кризистен катуу жабыркады.

Анткени өлкө мунай жана газдын негизги бөлүгүн Жакынкы Чыгыштан импорттойт.

“Пакистан менен Ирандын мамилеси ар дайым эле өтө жылуу болгон эмес. Бирок эң жакын коңшулар жана мусулман өлкөлөр катары Иран Пакистанга аймактагы башка өлкөлөргө караганда көбүрөөк ишенет”, — дейт исламабаддык аналитик Халид Султан.

АКШ-Пакистан алакасы

Өткөн жылга чейин Пакистан АКШ үчүн ишенимсиз өнөктөш катары бааланып келген. Ал Вашингтонду Ооганстандагы согуш маалында колдогону менен, ошол эле учурда талибдерди да жашыруун колдоп жатат деген айыптоолор айтылып турчу.

2011-жылы АКШнын атайын күчтөрү Усама бин Ладенди Пакистандын Абботтабад шаарындагы аскер академиясынан болжол менен бир чакырым аралыкта жашырынып жаткан жеринен таап жок кылышкан. Бул Пакистандын аскердик түзүмүн уятка калтырган. Ал окуяга чейин Вашингтон Исламабадга аскердик колдоо көрсөтүп келгендиктен АКШдагы айрым саясатчылар ошол кездеги администрацияны сынга алышкан.

Дагы караңыз

Пакистан-Ооганстан: Согуш чыкса качкындар Борбор Азияга агылат

Алардын арасында Дональд Трамп да болуп, ал Пакистандын армиясын «ал-Каиданын» лидерин жашырып келген деп көп жолу айыптаган.

Трамптын алдындагы президент Жо Байден бийликте турганда Пакистандын ошол кездеги премьер-министрлеринин бирине да телефон чалган эмес.

Бирок Трамптын экинчи мөөнөтү АКШ дипломатиясын түп-тамырынан өзгөртүп, мурдагы союздаштар менен мамилелерди кайра карап чыгып, ал тургай мурдагы атаандаштарды да өз саясатына тартууга аракет кылууда.

Пакистан өз аймагында триллиондогон долларга бааланган сейрек кездешүүчү минералдар жана стратегиялык мааниге ээ ресурстар бар экенин билдирип, Вашингтондун кызыгуусун жаратты.

Өткөн жылы башкы атаандашы Индия менен болгон кыска мөөнөттүү жаңжалдан кийин Исламабад согушту токтотуудагы аракеттери үчүн Дональд Трампка ачык ыраазычылык билдирүүгө шашылган.

Андан бери Пакистан бийлиги сейрек кездешүүчү минералдар боюнча келишимдерге жетишип, АКШ президенти Дональд Трампты Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүп, алтургай анын Тынчтык кеңешине кошулду.

Трамп болсо Пакистандын таасирдүү аскер башчысы Асим Мунирди «сүйүктүү фельдмаршалым» деп атады.

Ошондой эле ал шаршемби күнкү ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүдө Исламабаддын жогорку жетекчилеринин ролун белгилеп өткөнү да көңүл сыртында калган жок.

Ал эми учурда эл аралык коомчулуктун көңүлү Исламабадга бурулуп турат. Башкалаада мейманканалардын баары толуп, журналисттер тарыхый сүйлөшүүлөрдү чагылдыруу үчүн виза алууга шашылууда.

Бул шашылыш даярдыктын фонунда Пакистандын стратегиялык мааниси өзгөрүп, жаңы баскычка кадам таштап жатат.