Орусия менен Украина 175 кишиден туткун айырбаштады

Орусия менен Украина Пасха майрамынын алдында 175тен аскер туткундарын алмашты. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында, туткун алмашуу Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен ишке ашты.

Министрлик аскер туткундарынан сырткары Орусияга Курск облусунун жети тургуну өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский туткун айырбаштоонун алкагында 175 аскер кайтарылганын ырастады. Алардын арасында жарадарлар дагы бар. Кайтарылгандардын көбү 2022-жылдан бери туткунда болгон. Аскер туткундарынан сырткары жети жайкын тургун өткөрүлүп берилди.

Мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин 11-апрелде саат 16:00дөн 12-апрелдин аягына чейин "пасхалык тынчтык" жарыялаган.

Ага чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Пасханын алдында ок атышпоо сунушун берген. 9-апрелде эртең менен Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маселе боюнча чечим чыга электигин айткан.

Украинанын президенти Москва Пасха майрамына карата атышпоо жарыялагандан кийин Киев "жооп кадам" жасоого даяр экенин билдирген. "Орусия Пасха майрамынан кийин дагы аткылоону улантпоого мүмкүнчүлүгү бар", - деп баса белгилеген Зеленский.

Ага карабай 11-апрелде эки тарап бири-бирин дрон менен аткылады. Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү орус армиясы 160 дрон чабуулу болгонун, анын 133ү атып түшүрүлгөнүн билдирген.

Дагы караңыз

НАСАнын "Артемида-2" миссиясынын астронавттары Жерге кайттыАКШ менен Ирандын делегациялары сүйлөшүү үчүн Исламабадга барыштыИран АКШ менен сүйлөшүүлөр башталганга чейин активдерин бошотууну талап кылдыОшто журналист Узаков президент катышкан жыйындан күчтөп чыгарылганын билдирди