Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Исатбек кызы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Буга чейин ал кызматта Айнура Орозбаева иштеп келаткан.
35 жаштагы Аида Исатбек кызы Чүй облустук университетин “юриспруденция” адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында депутат болгон. (BTo)