Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз.
Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматтын жетекчисинин бардык орун басарлары, анын ичинде Даниэл Рысалиев да жумуштан алынган. (BTo)
Шерине