Түркияда кесиптик-техникалык лицейде ок атылып, кеминде 16 киши, негизинен окуучулар жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү медиа жана Рейтер кабар агенттиги жазышты. Окуя өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа аймагындагы Сиверек шаарында болгон. Маалыматка караганда, лицейдин 19 жаштагы мурдагы окуучусу ок ачкан, полиция келгиче ал өз жанын кыйды.
Ал адегенде мектептин короосунда ок чыгарып, кийин имаратка кирип барып аткылаган. Кээ бир окуучулар аман калуу амалында терезелерден секиришкен.
Губернатордун айтымында, 12 киши ооруканада жатат.
Бери дегенде 16 кишинин жараат алганы, аткан баладан тышкары каза тапкандар болбогону кабарланууда.
Кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Маалымат каражаттары Түркияда бул өңдүү окуялар сейрек кездешерин белгилешет.