Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти

Камчыбек Ташиев. 15-апрель, 2026-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматынан кетти. Мындай чечим уюмдун 15-апрелдеги кезектеги конгрессинде кабыл алынды. Камчыбек Ташиев ал футбол биримдигинин жетекчиси болуп турганда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

“Эки жылдын ичинде 17 жаңы стадион, мекемелерди куруптурбуз. Азыр дагы 14ү курулуп жатат. Эки жылдын ичинде буга 7 млрд сомду жумшаптырбыз. Азыр дагы 7-8 млрд сомдук курулуштар жүрүп жатат. Демек, эки жылдын ичинде футболго 14-15 млрд сом тарттык”, - деди ал.

Ал кыргыз футболундагы жетишкендиктер президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен болгонун, аны Кыргыз футбол биримдигин жетектөө сунушун да мамлекет башчы бергенин айтты.

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын төрагасы кызматынан алынып, бир катар саясий окуялардан кийин расмий иш-чарада биринчи жолу сүйлөдү. Ал 2024-жылдын 19-февралында Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды.

Жогорку Кеңештин тогуз депутаты, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшырып, “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы ишке байланыштуу “Коррупция” беренеси менен айып тагылып кармалды.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Дагы караңыз

Милиция ардагерлеринин пенсиясын көбөйтүү маселеси көтөрүлдүҮч өлкөнүн темир жол долбоорунда 29 туннелдин курулушу жүрүп жататГермания менен Украина 4 млрд евролук коргонуу келишимин түзүштүМаматканов өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыМамдума чет өлкөлөрдө камалган жарандарды коргоо үчүн армияны колдонууну колдодуЭкс-депутат Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарланды