Орусияда Ленинград, Самара жана башка облустар дрон чабуулуна кабылды

Украин аскер кызматкери дрон менен. (архив)

Ленинграддын Высоцкий порт районунда дрон чабуулунан улам өрт чыкканын облус губернатору Александр Дрозденко маалымдады. Анын айтуусунда, аймактын үстүнөн 27 дрон атып түшүрүлдү, жабыркагандар жок.

Самара облусунда учкучсуз учак Новокуйбышевск шаарындагы төрөт үйүнүн жанына түшкөн. Имараттын айнектери күбүлүп, бейтаптар жана ымыркайлар эвакуацияланган. Губернатор Вячеслав Федорищев ошондой эле шаардагы жана Сызрандагы өнөр жай имараттарына да чабуул коюлганын билдирди.

Украиналык мониторинг каналдары сөз Новокуйбышевск жана Сызран мунай иштетүүчү заводдору тууралуу болуп жатканын жазышты. Бул тууралуу Дезинформацияга каршы борбордун башчысы Андрей Коваленко да айтты. Заводдор экөө тең "Роснефтке" карайт.

Аннексияланган Севастополдо, губернатор Михаил Развожаевдин маалымдашынча, кампа күйүүчү май калдыктары менен күйүп кеткен.

Краснодар крайында Тихорецкидеги мунай базанын аймагында өрт чыккан.

Воронежде дрон чабуулунан улам жер үй жабыркаганын губернатор Александр Гусев билдирди. Курскинин башчысы Александр Хинштейн акыркы суткада 46 дрон жок кылынганын маалымдады.

Чабуулдан улам Внуково жана Пулково баштаган бир катар аэропорттор ишин убактылуу токтотушту.

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкө аймагынан, ошондой эле Кара жана Азов деңиздеринин үстүнөн 258 дрон жок кылынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, дрондор Крым, Краснодар крайында жана Белгород, Брянск, Курск, Ростов, Самара, Ленинград жана башка облустарда да жок кылынды.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар Бишкекте түлөө өткөрдү Бишкек мэриясы электромобиль кубаттоо станцияларын өзү курууну пландоодоЖунушалиев "Манас" университетинин жолго ижара мөөнөтү беш жыл мурда бүткөнүн айттыОрусияда согушка каршы чыккан блогер абакта көз жумдуРаиса Атамбаева ИИМдин Тергөө кызматында суракта болду