Лейлекте автокырсыктан жабыркаган жоокер Бишкекке жеткирилди

Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмү. Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлектеги чек ара тосотунда кызматын өтөп жатып автокырсыкта жабыркаган жоокер Данияр Нурбеков 18-апрелде Бишкекке учак менен жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жоокер Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, абалы туруктуу оор деп бааланууда. Комадан чыга элек, жасалма деп алдырууга кошулду.

Министрлик Данияр Нурбеков буга чейин өтө оор абалда болгондуктан аны борборго алып келүү мүмкүн эместигин билдирген.

"Абалы турукташкан соң бейтап Бишкекке жеткирилди. Учурда дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык чараларды көрүп жатышат", - деп маалымдады мекеме.

Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара бөлүмүндө кызматын өтөп жаткан Данияр Нурбеков 4-апрель күнү "Кайрагач" чек ара бекетине баратканда автоунаадан ыргып кеткенин Чек ара кызматы кабарлаган. Жоокер УАЗ-Пикап автоунаасы менен тоолуу жолдо бара жатып катуу силкингенде ыргып, жерге түшүп кетип, эс-учун жоготкон. Баш сөөгү жана мээси катуу жабыркаганы айтылган.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ага бардык медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Оштон жана Бишкектен атайын адистердин бригадалары барып, саламаттык сактоо министри өзү кабар алган жана жеке көзөмөлүнө алган.

Нурбеков 2004-жылы Ноокен районунун Масы айылында туулган. Аскерге 2025-жылдын сентябрь айында чакырылган.

Акыйкатчынын маалыматында, былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер болгон. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жараат алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар Бишкекте түлөө өткөрдү Бишкек мэриясы электромобиль кубаттоо станцияларын өзү курууну пландоодоРаиса Атамбаева ИИМдин Тергөө кызматында суракта болдуОрусияда Ленинград, Самара жана башка облустар дрон чабуулуна кабылды"Китеби бийлигин коргоп береби?" Борбор Азиянын жазмакер президенттери