Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан "Азаттыкка" билдиришкендей, райондук соттун 17-марттагы чечими менен Анаркулов 10-апрелге чейин тергөө абагынан бошотулган.
"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 7-апрелиндеги токтому менен тергɵɵчүнүн өтүнүчү канааттандырылган. А.Н.Сга карата колдонулган үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасынын мөөнөтү 2026-жылдын 10-июнуна чейин ошол эле чектөөлөр менен узартылган", - деп билдирди райондук соттун басма сөз кызматы.
Нургазы Анаркулов ушул эле соттун 19-февралдагы чечими менен эки айга камакка алынган.
Анын адвокаты Мунарбек Супатаев Анаркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганын билдирген.
Шектүү сот залынан чыгып баратып, коюлган айыпка макул эмес экенин, президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусуна тиешеси жоктугун кыска айтты.
Кийинчерээк айрым кесиптештери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Анаркуловду үй камагына чыгарып берүүнү өтүнүшкөн.
Нургазы Анаркулов 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип келатканда чек арадан кармалган. Ал Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алынгандан кийин анын атынан билдирүүлөрдү таратып жаткан.
Анаркулов 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалган. УКМК аны 2021-жылы февраль айында Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси менен кармап, кызматтан алынган. Кийин эркиндикке чыгып, иш эмне менен бүткөнү айтылган эмес.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, беш кишини кармап, камакка алган. (ZKo)