Бир күн мурун жардан кулап, Куршаб дарыясына түшүп кеткен бул унаада төрт адам каза болду. Маркумдардын сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
20-апрелде Жаңы-Арык – Кызыл-Суу автоунаа жолунда жол кырсыгы катталып, Ынтымак айыл өкмөтүнүн төрт кызматкери көз жумду.
Азизбек Маматалиевдин тажиясы
Алардын бири 50 жаштагы Азизбек Маматалиев. Ал Таш-Арык айылына башчы болуп шайланганына эки гана ай болгонун маркумдун агасы Анарбай Самиев билдирди.
Анарбай Самиев
"Адам менен мамилеси жакшы, жоош болгону менен идиректүү бала болчу. Чоң кызын турмушка берген. Эки баласы бар. Кичинекейи мектепте окуйт. Эң өкүнүчтүүсү улуу баласы абакта. Орусияда мигрант болуп жүрүп жаман нерсеге кабылып калып камалып калганына үч ай болду. Көп жылдан бери мигрант болуп иштеп, үйүн куруп бүтүрөлү, түптөлөлү деп иштеп жүргөн. Жакында эле Орусиядан келгенде эл шайлап алдык эле".
Жол кырсыгында каза болгондордун үчөө Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу үч айылдын башчысы, бири айыл өкмөттүн улук кызматкери эле.
Окуя болгон күнү алар тажияга баратып кырсыкка учураганын Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Кутманалы Карыбеков билдирди.
Кутманалы Карыбеков
"Батага барабыз деп түшкү тамактануу убактысында Ак-Терек айылынын айыл башчысы Алиев Абдысатар 1958-жылы туулган, Жаңы-Арык айылынын айыл башчысы Нураимов Асамидин 1962-жылы туулган, Таш-Арык айылынын айыл башчысы Маматалиев Азиз 1976-жылы туулган, улук кызматкерибиз Асанов Бактыяр 1977-жылы туулган суранып кетишкен. Бул жагын эми тергөөнүн жыйынтыгы чыгарып берет. Тергөөнүн жыйынтыгын күтөбүз. Жакындарынын баарына сабыр тилейбиз".
Учурда милиция кырсыктын себептерин иликтеп жатат. Маркумдардын жакындары кырсык болгон жерде жол коопсуздук эрежелери сакталбай келерин айтышты.
"Бул жерде жар бийик. Көрүп жатасыңар го кеминде 500 метр чыгат, туурабы? Коопсуздук үчүн тосмо эле коюп койсо. Мына, машинанын изи ушуну менен кеткен. Барып муну урган. Кайра түздөлүп, кулап кеткен да", - деди маркум Алиев Абдысатардын жакыны Абдыкалил Ахматов.
Жаңы-Арык – Кызыл-Суу жолунун 8 чакырымына былтыр асфальт төшөлүп, тосмолор орнотулган эмес.
№45 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Бөрүмухаммед Абдыразаков акыркы кырсыктан кийин кооптуу деп табылган тилкелерге тосмолорду орнотуу иштери башталганын билдирди:
"40 даана жол белгилери коюлган. Жол белгилери жетиштүү. Азыр болгон бетон тосмолорду ташып баштадык. Ал жерге көп даана кетет. Санын так айта албайбыз. Мүмкүн миң, эки миң даана кетиши мүмкүн. Азыр шаар ичиндеги болгон тосмолорду топтоп алып барып коюп жатабыз. Кечээ эки даана алып барганбыз, бүгүн 15-20 даана алып барабыз".
Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кыргызстан унаа кырсыгынан каза тапкандар боюнча КМШда алдыңкы орунда турат.