Жогорку Кеңеш 22-апрелдеги жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Улан Маматкановдун талапкерлигин колдоду. Буга чейин парламенттин үч комитети анын талапкерлигин жактырган.
Маматканов комитеттин жыйынында билим берүү стратегиялык багыт болорун, сапаттуу билим менен гана күчтүү мамлекет куруу мүмкүн экенин айткан. Бул үчүн мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана шыктандырууну камсыз кылуу, заманбап окуу китептерин, окуу программаларын жана практикага багытталган окутуунун натыйжалуу ыкмаларын киргизүү, билим берүүнүн мазмунун жана форматын эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирүү багытында иштей турганын белгилеген. Ошондой эле саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелерди көтөргөн.
Президент Садыр Жапаров Улан Маматкановду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып 15-апрелде дайындаган.
44 жаштагы Улан Маматканов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылы Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде баштап, андан бери өкмөттүн түзүмүндө бир катар кызматтарды аркалаган.
Министрлер кабинетинде ал социалдык тармакты тейлейт.
Садыр Жапаров буга чейин Эдил Байсаловду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси кылып дайындаган. (КЕ)