Жогорку Кеңеш БШК курамын кыскартууну колдоду

Жогорку Кеңеш 22-апрелдеги жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнүн санын 12ден сегизге азайтуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Ага ылайык, БШКнын сегиз адамдан турган курамы беш жылга шайланат жана анын төртөөнү президент, калган төртөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Демилгечилер ЖК депутаттары Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастан Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.

Буга чейин Нурбек Сыдыгалиев долбоор чыгымды азайтуу жана Боршайкомдун ишин ыкчам алып баруу үчүн иштелип чыкканын айткан. Ал БШКнын 12 мүчөсү чогулбай, кворум болбой калган учурлар бар экенин билдирген.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров документти колдой турганын, эгерде Боршайкомдун мүчөлөрүнүн саны кыскартылса 2 миллион сомдун тегерегинде үнөмдөлөрүн белгилеген. (КЕ)

Дагы караңыз

Самарада дрон чабуулунан кабат үйдүн кире бериши урап, 11 киши жараат алдыОрус армиясы Запорожье жана Одесса облустарына сокку урду, киши өмүрү кыйылдыПарламент өкмөт башчынын орун басарлыгына Маматкановдун талапкерлигин жактырдыДепутат Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылганын билдирди