23-апрелдин аба ырайы: Жаан жаап, күн күркүрөйт

25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Көк-Арт жана Чоң-Ашуу ашууларында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

23-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 18…20° болот.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш БШК курамын кыскартууну колдодуСамарада дрон чабуулунан кабат үйдүн кире бериши урап, 11 киши жараат алдыОрус армиясы Запорожье жана Одесса облустарына сокку урду, киши өмүрү кыйылдыПарламент өкмөт башчынын орун басарлыгына Маматкановдун талапкерлигин жактырдыДепутат Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылганын билдирдиУКМК жана ИИМ ортодо тиреш жок экенин, чогуу тазаланып жатканын билдиришти