Көмүр экспортун тыюу мөөнөтүн узартуу сунушталды

Кол эмгеги менен көмүр казылган шахта. Таш-Көмүр. (архив)

Энергетика министрлиги көмүрдү автоунаа менен сыртка сатууга тыюу салууну дагы алты айга узартууну сунуштоодо. Бул боюнча Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда Энергетика министрлиги бул убактылуу чара өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, келерки жылуулук сезонунда көмүр таңкыстыгын алдын алуу жана баалардын кескин кымбатташына жол бербөө максатында көрүлүп жатканы белгиленди.

Долбоорго ылайык, көмүр экспортуна алдыңкы алты айда тыюу салынат, бирок "Эркечтам" жана "Торугарт" чек ара бекеттерине тиешеси жок болот.

Көмүрдү башка чек ара бекеттери аркылуу сыртка сатууга "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы гана укуктуу болот.

Энергетика министрлиги муну менен көмүр сатуудагы аткезчиликти токтотууга, салык төлөмдөрүнүн ачыктыгын камсыздоого жана жергиликтүү отундун сыртка сатылган баасын тактоого шарт түзүлөт деп эсептейт.

Демилгечилер мындай чектөө былтыр өзүн актаганын билдирүүдө. 2025-жылы көмүрдү тышка сатууну чектөө өлкөнүн ички керектөөсүн толук жаап, баанын кармалып турушун шарттаганын, мындан аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдү арзан көмүр менен жабдуу мүмкүн болгонун белгилөөдө.

Токтом долбоорундагы маалыматтарга ылайык, былтыр "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы аркылуу 411 миң тонна көмүр автоунаа менен тышка ташылып, сатылган. Жалпы суммасы 2 млрд сомдон ашып, мамлекеттик бюджетке 113 млн сомдой киреше киргизген.

Ишкананын өзүнүн маалыматына ылайык, 2025-жылы 1,35 млн тонна көмүр өндүрүлгөн.

Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга 2022-жылы убактылуу алты айлык чектөө киргизген. Тыюу улам алты айлык мөөнөткө узартылып келе жатат. Акыркы жолу 3-декабрда Министрлер кабинетинин токтому менен узартылган.

Былтыр ноябрдын башында Ош облусунда көмүрдүн бир тоннасы 8 миң сомдон 11 миң сомго чейинки баада сатылып жатканы маалым болгон.

Кыргызстандын аймагында болжол менен 6,4 млрд тоннадан ашуун кору бар 70 көмүр кени жайгашкан. Анын ичинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак кендеринде 5,2 млрд тонна, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендеринде 1,08 млрд тонна, Туюк-Каргаша кенинде 119,6 млн тонна, Кара-Кечеде 400 млн тоннадай көмүр бар.

Өткөн жылдары кыш түшкөндө көмүр тартыш болуп, баасы кымбаттап кеткен учурлар катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Жакынкы Чыгыш: Трамп келишим узарганын айтты, блокада улануудаУКМК жана ИИМ ортодо тиреш жок экенин, чогуу тазаланып жатканын билдириштиЖогорку Кеңеш БШК курамын кыскартууну колдодуСамарада дрон чабуулунан кабат үйдүн кире бериши урап, 11 киши жараат алдыДепутат Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылганын билдирди