Москвада Садыр Жапаров Путин менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушту. 23-апрель, 2026-жыл. Москва

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде Орусияга иш сапарынын алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бул тууралуу Кыргызстан президентинин администрациясы кабарлап, сүйлөшүүдө эки тараптуу алака, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурулганын билдирди.

"Ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу каралды. Тараптар аймактагы күн тартибиндеги маселелер жана көп тараптуу форматтагы өз ара кызматташтык боюнча пикир алышты. Президент Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президент Владимир Путинди быйыл 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышууга чакырды", - деп жазылган маалыматта.

Путин чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Орусия интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташтыкка басым жасарын, алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча күч-аракеттерди координациялоону жана кызматташтыкты мындан ары да арттырууга даяр экенин айтты.

Сүйлөшүүлөрдө тараптар кыргыз-орус алакасына кошумча динамика берүү, биргелешкен демилгелерди ырааттуу илгерилетүүгө багыт алышканын билдиришкени да маалыматта айтылат.

Садыр Жапаров бейшембиде Путин менен жолугушарын Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин бүгүн орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Песков анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада кыска мөөнөттүк иш сапар менен болорун айткан. Бишкек президенттин Орусияга сапары тууралуу буга чейин маалымат берген эмес.

Жапаров 22-апрелде Астанага барган болчу, ал жакта Аймактык экологиялык саммитке катышып, сөз сүйлөгөн.

Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 2025-жылы ноябрда Бишкекте, орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде жолугушкан. Тараптар "Союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө" биргелешкен билдирүү менен кошо жалпы сегиз документке кол коюшкан.

Путиндин сапарында кол коюлган Бишкектеги "Кыргыз-Орус Славян университетинин кампусун куруу шарттары жөнүндө" макулдашууну Орусиянын Мамлекеттик думасы 22-апрелде ратификациялаган. Орусиялык депутаттар анда Кыргызстандагы орусча жер-суу аталыштарынын өзгөрүп жатканын сынга алышкан.

Дагы караңыз

Иштин баарын Каныбек Туманбаев башкарабы?"Чоң мамлекеттерге санкция салмайынча натыйжа чыкпайт". Бишкектин жообуЕвробиримдиктин санкциясы, Кыргызстандын кадыр-баркы