Өкмөт электрондук тамеки импортун тыюу мөөнөтүн узартууну сунуштады

Министрлер кабинети Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого кирген чектөөнү дагы алты айга узартууну сунуштады. 23-апрелде коомдук талкууга коюлган долбоор 2025-жылы күчүнө кирген мыйзамдын талаптарын аткарууга багытталган.

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, мындай чектөө быйыл 10-январдан тартып алты айга киргизилген жана бул аралыкта Кыргызстанга бир да электрондук тамеки ташылып келинген эмес.

Документте никотин суюктугу камтылган электрондук тамекилерди ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга биротоло тыюу салуу каралган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүү эрежелерине ылайык, мындай чектөөнүн түрүнүн мөөнөтү жарым жылдан ашпашы керек. Ошондон улам Министрлер кабинети электрондук тамеки ташып келүүгө кирген чектөөнү 10-июлдан ары карай дагы алты айга узартууну сунуштоодо.

2024-жылы Кыргызстанга 60 тоннадан ашык, 2025-жылдын жети айында 12,4 тонна электрондук тамеки импорттолгон. Алардын көбү Кытайдан ташылып келинген.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясынын жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасы 2006-жылдан бери Конвенциянын катышуучусу болуп, тамеки заттарынын жана никотиндин, анын ичинде алардын жаңы формаларынын калкка таасирин алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттенет”, - деп жазылган долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алып, документке президент Садыр Жапаров ушул эле жылдын 24-ноябрында кол койгон.

Азыркы тапта электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Былтыр декабрда парламентте электрондук тамеки ташып келүүгө тыюу киргенден кийин бул товарды аткезчилик жолу менен алып келип саткан фактылар көбөйгөнү айтылган. Депутат Дастан Бекешев социалдык тармактар аркылуу көмүскө базарда сатылып жатканын көтөргөн.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул тыюуну алып салуу маселесин талдап чыгарын билдирген.

Дагы караңыз

Трамп Ормуз кысыгына мина койгон бардык кемелер аткыланарын эскерттиМосквада Садыр Жапаров Путин менен жолугушту Гимн боюнча комиссия жаңыланды, аны мамкатчы Койчиев жетектейтКремлдин өкүлү Москвада Путин менен Садыр Жапаров жолугарын билдирди