Алайдагы ата-энелер менен мугалимдер жаңжалы боюнча маалымат берилди

Агартуу министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.

Агартуу министрлиги социалдык тармактарга тараган Алай районундагы мектептердин биринде окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы пикир келишпестик тууралуу видеого түшүндүрмө берди.

Окуя 22-апрелде Алайдын Мурдаш айылындагы А.Жээнбеков атындагы мектепте болгону маалымдалды.

21-апрелдин кечинде, мекеме билдиргендей, 9-10-класстын окуучулары айылдан тыш жерге чогулуп, пикир келишпестигин чечмек болгон. Муну уккан мугалимдер ошол жерге барып, окуучуларды үйүнө тараткан.

“Таркатуу учурунда мугалимдер окуучуларды колунан тартып, түртүп жибергендиктен 22-апрелде ата-энелер окуучулардын булчуң эти ооруп жатканын айтып мугалимдерге нааразылыгын билдирип келишкен. Натыйжада ата-энелер менен мугалимдер ортосунда пикир келишпестик орун алган”, - деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Териштирүүдөн кийин мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Б.Р., директордун тарбия иштери боюнча орун басары Б.А. жана мугалим К.у.Р.га сөгүш берилгени айтылды.

Мунун алдында социалдык тармактарда мектепте мугалимдер менен ата-энелердин ортосундагы жаңжал деген видео тараган.

Мектепте мугалимдер балдарга кол көтөргөн же окуучулар мугалимге акарат келтиргени айтылган окуялар акыркы убактарда арбын катталып келет. Жыл башында Бишкектеги мектептердин биринде окуучуну сабаганы айтылган мугалим коомчулуктан кечирим сураган. Көп өтпөй ал кызматынан алынган.

Жети-Өгүз районунда дене тарбия сабагынын мугалими сабак учурунда өспүрүм балдарга кол көтөрүп "тарбиялап" жатканы тартылган тасма интернетке тараган соң мугалим балдардын ата-энелеринен кечирим сураган.

Агартуу министрлиги жакында мугалимге орой мамиле кылган, шылдыңдаган, акарат келтирген окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Дагы караңыз

Жеке ветеринарлар ассоциациясы эпизоотиялык абалга кооптонуусун билдирдиЛиван менен Израил атышууну дагы үч аптага токтоткону жарыяландыМиграция: Ата-энеси жакындарына калтырып кеткен балдар 84 миңге жеттиОрусия Украинанын эки аймагын ракета жана дрон менен аткылады