Өкмөт Бишкектин Башкы планы жөнүндөгү токтомун бекитти

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы.

Министрлер кабинети 24-апрелдеги жыйынында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы жөнүндөгү өкмөттүн токтомунун долбоорун карап чыгып, бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чечим Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө максатында кабыл алынганы белгиленди.

Министрлер кабинетинин Бишкек шаарынын Башкы планын бекитүү жөнүндөгү токтомунун долбоору быйыл январда коомдук талкууга чыгарылган.

Долбоордо 2025-жылдын 1-январына карата борбор калаада 1 миллион 321 миң адам жашаса, 2050-жылы ал 1 миллион 920 миң кишиге жетип, Бишкекте калктын саны дээрлик 600 миң адамга көбөйө турганы көрсөтүлгөн.

Өкмөт бул шаарда инфраструктураны комплекстүү жана алдын ала өнүктүрүүнү талап кыларын билдирди.

Учурда шаардын аймагы 41 миң 81 гектар болсо, 2050-жылга чейин борбор калаанын аянты өзгөрбөй, ушул бойдон калат.

Башкы планда Бишкекте жумуш менен камсыз болгон калктын санын 593 миңден 943 миңге чейин көбөйтүү, өнөр жайда, транспортто, курулушта, социалдык чөйрөдө жана тейлөө тармагында 349 миң жаңы иш орундарын түзүү каралган.

Документте шаарды айланып өтүүчү автоунаа жолун салуу, автобекеттерди жана темир жол станцияларын өнүктүрүү, трамвай линиясын салуу жана метробус жүргүзүү сыяктуу пландар жазылган.

Башкы пландын долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына 2025-жылдын 25-октябрында жарыяланып, коомдук угуулар өттү.

Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Шаарда мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет өлкөлүк мамлекеттердин элчиликтери жайгашкан. Өлкөнүн өнөр жайынын көпчүлүк бөлүгү да шаар аймагында орун алган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте жети жашар кызды зордуктоого шектүү кармалдыЖалал-Абадда 7,3 миң гектардан ашуун аянтты чегиртке каптадыNYT: Можтаба Хаменеиге кеп бут салып, пластикалык операция жасоо керек CNN: Уиткофф жана Кушнер Иран менен сүйлөшүү үчүн Исламабадга жөнөдү