Ормуз көйгөйү: Эл аралык энергетикалык кризиске аз калдыбы?

Ирандык жаран Тегеранда "Ормуз кысыгы жабык" деген жазуусу бар чоң жарнаманын жанынан өтүп баратат. 2026-жылдын 22-апрели.

Ирандагы согуштун айынан дүйнөдө мунай жана газ өндүрүүнүн көлөмү азайып, баалардын өсүшүн шарттады. Азиядагы жети өлкө мамлекеттик кызматкерлерди үйдөн иштөөгө же иш сааттарын кыскартууга өттү. Бир нече ири авиакомпаниялар күйүүчү майды үнөмдөш үчүн аба каттамдарын кыскартып жатканын эскертти.

Кризистин карааны Азияны каптап келатат

The Economist басылмасы эсептеп чыккандай, Ирандагы согуш башталган 50 күн ичинде Жакынкы Чыгышта 550 млн баррель мунай казылбай калды, бул дүйнөдө былтыр өндүрүлгөн бир жылдык өндүрүштүн 2%, 7 млн тонна суюлтулган газдан куру калдык, бул да ай сайын жылдык көлөмдөн 2% аз дегенди билдирет. Перс булуңунда өндүрүлгөн кара май дүйнөдөгү жалпы чийки мунайдын бештен бирин, суюлтулган газ 25% түзөрүн билебиз. Мындан тышкары аймактан желим, резина чыгарууга керектелген полипропилен өңдүү материалдын 25% ташылып турган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мунай каатчылыгы дүйнөнү мукуратабы?

Эксперттер энергетикалык кризис Азиядан башталып, Түштүк Корея стратегиялык резервин колдонууга жакын калганын, Жапония да Ормуз кысыгы ачылбаса май айында мамлекеттик резервин ачууга аргасыз болорун айтып жатышат.

Ормузда турган танкерлер

Калкы көп Филиппин, Индонезия, Малайзия, Тайланд, Вьетнам – бардыгы жети өлкө энергия булактарын үнөмдөө максатында мамлекеттик жана коомдук мекеме кызматкерлерин үйдөн иштөөгө өткөрүп, же жумасына төрт күн, кээ бир жерде кыскартылган иш күнүн киргизишти.

Жакынкы Чыгышта өндүрүлгөн мунай, газдын көбүн Азия континенти сатып алып турганын билебиз. Азиялык биржаларда азыр бензиндин баасы 120 долларга, керосиндин баасы 175 долларга бааланууда.

Ирандагы согушка чейин бензин 80, керосин 93 доллар болчу. Мунай менен газдын баасы бардык жерлерде эле кымбаттап атат, Европа Биримдиги кардарларга бааны өтө кымбаттатып ийбеш үчүн ортодогу айырманы бюджеттеги каражаттан жаап жатканы айтылды.

Желим, химикаттарды өндүрчү ишканалар кымбаттап кеткен нафтанын баасын көтөрө албай, өндүрүштү кыскартып жатканы кабарланууда.

Пакистандын Кветта шаары. Күйүүчү майдын баасы кымбаттагандыктан велосипедге суроо-талап жогорулаган. 2026-жылдын 7-апрели

The Economist адистери эсептеп чыгып, Ирандагы согуш башталарда мунай, газ жүктөлгөн танкерлердин далайы суу үстүндө болгонун, алар ушул айдын аягында барчу жерине жетип, эми далай өлкөнун кампалары бошой баштаганын, Ормуз кысыгы жабылуу бойдон кала берсе, эл аралык энергетикалык кризиске аз калганын эскертип жатышат.

Аба каттамдары азайып, билеттер кымбаттайт

Кытайдын 1,3 миллиард баррель мунай запасы бар. Башка өлкөлөр Кытай ошол запасын ачып сата баштаса жардам болмок десе, Бээжин мунай продуктыларын экспорттоого Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтык келишимине кол коюлганга чейин тыюу салды. Индия дүйнөдө мунайды сатып алуунун көлөмү боюнча 3-орунда турат, Жакынкы Чыгыштан кара майдын импорту азыр 61% кыскарып, анын ордуна Орусия, Сауд Арабия, Анголадан сатып ала баштады. Ирандагы согушка чейинки көлөмдү толтура алган жок азырынча, андан аз.

Франция. 7-апрель, 2026-жыл. Жумушчулар Бугнедеги айланма жолду тосуп, күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразылык билдиришүүдө.

Азия континентинде далай мамлекеттерде кара май тартыштыгынан улам табигый кендерди казган, балык өндүргөн, дагы башка ишканалар жарым-жартылай иштеп жатканы кабарланды. Кытайдан башка көпчүлүк мамлекеттер кара май, газды керектөө көлөмүн азыр эле 10% чейин азайтууга аргасыз. Ормуз кысыгы ачылбаса, үнөмдөө мындан да көбөйүшү керектиги айтылууда.

Европада күйүүчү майдын тартыштыгы азырынча сезилбесе да, Германиянын башкы аба компаниясы Lufthansa май-октябрь айларында 20 миңдей аба каттамын токтотууга аргасыз болорун жарыялады. Голландиялык KLM аба компаниясы май айында 160 аба каттамын кыскартты. Жайкы эс алуу, саякаттоо сезону жакындаган сайын авиакомпаниялар билеттердин баасын көтөрүүгө аргасыз болорун эскертип жатышат. Ормуз кысыгы эртең ачылган күндө да Жакынкы Чыгышта мунай, газ өндүрүү, ташуу көлөмүн согушка чейинки деңгээлге жеткирүүгө бир нече ай кетет деп эскертишет адистер. Андыктан энергетика кризиси, же кыйынчылыктар бир да өлкөнү кыйгап өтпөйт шекилдүү.

Ирандын экономикасы канчага чыдайт?

Иранда өндүрүлгөн 150 млн тоннадай кара май азыр танкерлерге жүктөлүп жолдо, же суу үстүндө экенин Bloomberg агенттиги жазды. Бул танкерлер Ормуз кысыгынан тышкаркы аймактарда болгондуктан Тегеран кара майдан киреше табууну дагы бир нече аптага узартышы мүмкүн.

Кабарларга караганда, Иранда эң керектүү товарлардын, азык-түлүктүн баасы кымбаттады, бирок ондогон жылдардан бери эл аралык санкциялар алдында жашап келаткан эл мындай кырдаалга көнгөн. Financial Times жазгандай, Иран күнүнө 3,6 млн баррель мунай өндүрсө, анын жарымына жакыны өлкө ичинде керектелет. 2 миллиондой баррел мунайды күн сайын экспортко чыгарчу согушка чейин. Азыр эми Ормуз кысыгы жабылып калганда порттордо турган танкерлерге, кампаларга сакташы керек. Алар, эксперттердин эсебинде, май айынын ортосуна жетпей толот. Андан кийин Ормуз кысыгы жабык бойдон кала берсе Иран мунай өндүрүшүн токтотууга аргасыз болушу мүмкүн. Бул – Ирандын өзүндө терең кризис, андан да кеңири геосаясий көйгөйлөрдү жарата турган көрүнүш.

Тегеран. 2026-жылдын 15-апрели. Ормуз кысыгы тууралуу перс тилинде "Түбөлүк Ирандын колунда" деген жазуу илинип турат.

Иран экспорттогон мунайдын 80% көбү дал ушул азыр жабылып турган Ормуз кысыгы аркылуу ташылат. Ирак, Сауд Арабия өзүндө өндүрүлгөн мунайды Кызыл деңиз аркылуу, Оман аркылуу ташуу жолдорун пайдаланып жатышат. Бирок ал жактагы мунай куурлары күнүнө 1,5 млн баррель мунай өткөрө алат, Ормуз кысыгы аркылуу күнунө 20 млн баррель мунай ташылып турган. Ирандан кара жол аркылуу ташылган мунайдын көлөмү аз, аны көбөйтүү азырынча өтө татаал. Кошумча жолдорду адистер талкуулап жатышат. Бирок андай багыт бир нече мамлекетти кесип өтүшү керек. Иран согушунда Перс булуңундагы мунай иштеткен ишканалар, порттор, кампалар, танкерлер бутага алынганын көрүп, ким болбосун ири инвестиция салып жаңы жолдорду, куурларды тартуудан кооптонору шексиз.

Келечекте жаңы жаңжал чыкса бутага алынбайт деп ким кепилдик бере алат, маселе ушуга такалып турат. Кошумча куурлар, жолдор бар, бирок алар жетиштүү өлчөмдөгү кара майды өткөрө алышпайт азырынча.