Баткенде жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө

Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районундагы Чоң-Кара айылында жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатканын жергиликтүү милициядан "Азаттыкка" тастыкташты.

Маалыматка ылайык 25-апрелдин кечинде милицияга жубайлар бычактан алган жаракатынан каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуянын чоо-жайын аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалганы кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, аялы 45 жашта, күйөөсү 46 жашта болгон. Алардын артында беш баласы калганы айтылууда.

Облустук милиция расмий маалымат бере элек. (JsA/ZKo)

Дагы караңыз

АКШдагы иш-чара маалында ок атуу болгону кабарланып, Трамп баштаган бийлик өкүлдөрү эвакуацияланды Өзбекстандын эки компаниясы Евробиримдиктин санкциясына кирдиОрмуз көйгөйү: Эл аралык энергетикалык кризиске аз калдыбы?Бишкекте концерт учурунда бомба тууралуу жалган маалымат берген адам кармалдыТрамп Уиткофф менен Кушнер Исламабадга барбай калганын билдирди