Көк-бөрү федерациясынын шайланганына аз гана убакыт болгон президенти Акылбек Эшимов кызматтан кетүү туралуу арыз жазды. Бул маалымат федерациянын социалдык тармактардагы баракчаларына чыкты.
Ага ылайык, 3-майда Көк-бөрү федерациясынын кезектеги курултайы өтүп, анда Акылбек Эшимовдун ишмердүүлүгү боюнча отчету жана кызматтан кетүү боюнча арызы каралат. Андан тышкары федерациянын жетекчилигине талапкерлерди сунуштоо жана жаңы президентти шайлоо боюнча маселе бар.
Акылбек Эшимов ушул жылдын 3-февралында эле Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.
Ага чейин бул кызматта 2023-жылдан бери Рамис Жунусалиев иштеп келаткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны 2025-жылы декабрда алдамчылыкка айыптап кармаган.
8-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) №19 шайлоо округунан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажыраткан.
№19 шайлоо округу боюнча андан (5 316) кийин Рамис Жунусалиев (4 767) көп добуш алган. Ал тергөө абагынан мандаттан баш тартуу боюнча Боршайкомго арыз берип, кийин эркиндикке чыкты. (BTo)