Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

28-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Дагы караңыз

Президент Жапаров жакындары жеке бизнес менен гана алектенерин билдирди"Өзөктүк куралдан баш тартса сүйлөшөбүз". Трамп Тегеранга талап койдуПрезидент Жапаров Шаирбек Ташиев күнөөсүн мойнуна алганын айттыҮлүш жери бар кош бойлуу аялдар жөлөк пул алышатСаммитке байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталатБаткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду