"Түндүк" аркылуу 261 миң адам өзүнө насыя алууга тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 261 008 жараны "Түндүк" тиркемеси аркылуу өзүнө түрдүү банктардан жана башка электрондук акча капчыктардан насыя алууга тыюу салды.

Улуттук банктын маалыматында, бул алдамчылык-шылуундуктан коргонуунун ишенимдүү куралы катары кеңири жайылууда.

2025-жылы июль айында президент Садыр Жапаров “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, каалаган адам насыя алууга өзүнө өзү тыюу салат.

1-ноябрдан баштап жарандар “Түндүк” тиркемеси аркылуу өзүнө насыя алууга тыюу салуусуна шарт түзүлгөн. Мыйзам элди финансылык алдамчылыктан коргоо үчүн кабыл алынган.

Банк жана башка каржы уюмдар насыя алууга өтүнүч келгенде кредиттик бюродон маалымат сурап, эгер тыюу бар болсо насыя бербеши керек. Бул талап бузулса, берилген насыя жараксыз деп табылат.

"Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу өзүн насыя алуудан тыюу бир нече мүнөт ичинде ишке ашат жана ошол замат күчүнө кирет. Эгер жаран насыя алууну кааласа, тиркеме аркылуу кайрыла алат. Кайрылуу тийиштүү органдарда 12 саат каралат. Улуттук банк бул чара жарандар чечимин ойлонуп кабыл алышы үчүн жана шылуундардын басымынан коргоо үчүн кабыл алынганын билдирген.

Акыркы жылдары Кыргызстанда интернет шылуундар көбөйдү. Адамдардын документтеринин маалыматтарын чогултуп, анын атынан насыя алып койгон учурлар да бар. (ZKo)

Дагы караңыз

"Өзөктүк куралдан баш тартса сүйлөшөбүз". Трамп Тегеранга талап койдуҮлүш жери бар кош бойлуу аялдар жөлөк пул алышатСаммитке байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталатБаткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголдуСаратовдогу абак ооруканасында чыккынчылык үчүн соттолгон адам көз жумдуКөк-бөрү федерациясынын президенти кызматтан кетүү боюнча арыз жазды