Элчи Эдил Байсалов президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү болду

Эдил Байсалов жана Садыр Жапаров. 27-апрель, 2026-жыл. Бишкек.

“Ынтымак ордо” 27-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жаңы дайындалган элчиси Эдил Байсаловду кабыл алганын кабарлады.

Эдил Байсалов мамлекет башчыга өткөн аптада өткөрүлгөн кыргыз-америкалык саясий консультациялардын жыйынтыктары, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин айтып, АКШ менен өнөктөштүктү бекемдөө боюнча ишти активдештирүү тапшырмасын берди.

Жапаров Эдил Байсаловго президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн кошумча функцияларын жүктөп, ага Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жогорку дипломатиялык рангын ыйгарды.

Эдил Байсалов апрель айынында башында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Ал 2021-жылдан бери вице-премьерлик кызматты ээлеп келаткан.

15-апрелде Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Адылбек Касымалиев менен жолугушуп, Америка-Кыргызстан кызматташтыгы талкууланган.

АКШ Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган мамлекет. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. 2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана билдирип келет. (BTo)

Дагы караңыз

Кендирбаева мугалимдердин айлыгы бирдей жогорулаганын айттыӨкмөттө эл аралык санкцияларга байланыштуу кеңешме өттүПрезидент Жапаров жакындары жеке бизнес менен гана алектенерин билдирдиПрезидент Жапаров Шаирбек Ташиев күнөөсүн мойнуна алганын айттыАКШдагы иш-чара маалында ок атуу болгону кабарланып, Трамп баштаган бийлик өкүлдөрү эвакуацияланды Орусия Украинага 144 дрон менен чабуул койду. Одессанын портуна зыян келтирилди Садыр Жапаров Ташиевдин “75чилерге” тиешеси бар-жогун тергөө аныктай турганын айттыБаткенде жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголдуСаммитке байланыштуу быйыл жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат1-апрелден тартып социалдык кызматкерлердин да айлыгы көбөйдү