Финляндия согушту айыптаган орусиялык эне-баланы өлкөдөн чыгарууну убактылуу токтотту

Финляндия полициясынын унаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндия бийлиги согушка каршы позициядагы орусиялык жарандар Ольга Белованы жана уулу Никита Беловду депортациялоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Орусиянын "Согушка каршы комитет" коомдук уюму кабарлады.

"Ольга менен Никитаны депортациялоо чечимин убактылуу токтотууга жетиштик, азыр алардын андан аркы коргоосу боюнча иштеп жатабыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Алар Финляндияга Украинага каршы согуш башталгандан кийин барышкан, башкалка алуу өтүнүчү четке кагылгандыктан өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн эле.

56 жаштагы Ольга Белова мекенинде дарыгер болуп иштеген, уулу Никита аскердик буйрутмаларды чыгара баштаган өндүрүштө инженер болуп эмгектенчү.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Белов ишин улантуудан баш тартып, натыйжада коркутууга жана басым-кысымга кабылган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Финляндияда алар украиналык качкындарга жардам берип, FinEst ыктыярчылар борбору менен кызматташкан. Андан тышкары маалыматтык пикеттерди уюштуруп, украин армиясынын муктаждыктары үчүн каражат чогултушкан.

Финляндиянын аткаминерлери алардын ишмердиги жана позициясы "кайтып баргандагы укуктарынын бузулушуна олуттуу коркунуч жаратпайт" деген бүтүмгө келишкен.

Орусиялык үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон юристтер украин аскерлерине, качкындарына акчалай жана материалдык жардам чогултуу Орусияда кылмыш катары саналарын белгилешкен. Мекенине чыккынчылык жана башка беренелер боюнча айып тагылышы мүмкүн экенин айтышкан

2025-жылдын январь-сентябрь айларында Финляндия бийлиги Орусиянын 104 жаранынын башкалка өтүнүчүн четке каккан. Бул жалпы башкалка сураган орусиялыктардын 90% түзөт.

Башпаанек сурагандардын басымдуу бөлүгү мобилизациядан качкандар. Алардын өтүнүчүн четке каккан Финляндия бийлиги Орусияда мобилизация аяктаганын негиз кылган.

Дагы караңыз

Бишкек Европа Биримдигинин санкциясын сынга алдыОрунбеков өкмөт BELES автобусун эмнеге сатып албай жатканын айттыКөп аялдуулук боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакырылдыМалиде коргоо министри өлтүрүлдү, орус аскерлери Кидалдан чыгып кеттиГаза: Аббастын тарапкерлери муниципалдык шайлоодо алдыга чыкты