Кыргызстанда ымыркай өлүмү боюнча көрсөткүч өсүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда бир жашка толо элек 268 ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлады.

2025-жылы ушул эле убакта 260 бала бир жашка толбой чарчап калган.

Ымыркайлардын өлүмүнүн себеби түрдүү экени, 164 бала перинаталдык убакта пайда болгон оорудан чарчап калганы, 48и тубаса кемтиктен, 36сы дем алуу органдарынын оорусунан улам көз жумганы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоого даярданууда. Анын ичинде кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө системасын жана бейтаптарды багыттоону жакшыртуу, төрөткө чейинки кам көрүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана төрөткө чейинки скрининг технологияларын киргизүү бар. Булардан тышкары генетикалык лаборатория түзүү жана үй-бүлөнү пландаштырууну өнүктүрүү да перинаталдык тармакты реформалоого кирет.

2025-жылы Кыргызстанда 140 миңден ашуун бала төрөлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Кылычбек Cултан Пакистандагы элчи кызматынан кеттиАкыйкатчы: Алимент өндүрүү маселеси жапырт социалдык көйгөйгө айлануудаКөп аялдуулук боюнча кол топтогон Чотонов милицияга чакырылдыАнтимонополия билет баасы боюнча авиакомпанияларга эскертүү бердиФинляндия согушту айыптаган орусиялык эне-баланы өлкөдөн чыгарууну убактылуу токтотту