Алай районундагы Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун суу каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымдашынча, 27-апрелде кыска мөөнөттө кокту-колоттон жүргөн сел Гүлчө шаарындагы 25 үйдүн короосун каптаган, бир үйдүн ичине чейин кирген.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Айгай” режими жарыяланып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Баштапкы маалымат боюнча, жабыркагандар жок, абал туруктуу.
ӨКМ буга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирип, дарыяларда суу көтөрүлүп, ташкын болушу мүмкүн экенин эскерткен. Мекеме белгилегендей, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу сакталууда.
2024-жылы Ноокат районунда сел жүрүп, тогуз кишинин өмүрү кыйылган. Айрым айылдарда үйлөрдү сел каптаган.(ZKo)