2026-жылдын январь-март айларында жол кырсыгынан 148 адам көз жумду, анын 18и балдар. Улуттук статистикалык комитети маалымдагандай, жол кырсыктарынын жалпы саны азайганы менен, андан жарандардын каза болгон учурлар көбөйгөн.
Маалыматка ылайык, жыл башынан берки үч айда Кыргызстанда 1 150 жол кырсыгы катталган, бул былтыркы үч айдагы көрсөткүчтөн 22,9% аз.
Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү - 44% Бишкекте болгон. Чүй облусунда 19,7%, Ош облусунда 11,5% жана Жалал-Абад облусунда 9,6%.
Маалыматта айтылгандай, жол кырсыктарынан жалпы 1 482 адам түрдүү жаракат алган. Анын ичинде 293 бала бар.
Улуттук статистика комитети жол кырсыктарынын саны кыскаруусун мас абалында рулга отурган айдоочулардын азаюусу менен байланыштырган. Былтыркы үч айда мас айдоочунун кесепетинен улам болгон жол кырсыктары былтыркыдан 33,3% азайган.
Бишкек – Кара-Балта жолунда 23-мартта күндүз жолдогу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бараткан окуучу кызды катуу келе жаткан жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Секелек ошол жерден көз жумган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.(ZKo)