Тажикстан менен Өзбекстандын бийликтери чек арадан ички паспорт же ID-карта менен каттоо тартибин киргизүүнү макулдашышты.
Тиешелүү өзгөрүүлөр жарандардын эки жакка катоосу тууралуу укуктук протоколго киргизилди, бирок күчүнө кире элек.
«Озоди» радиосу документтин көчүрмөсү менен таанышып чыкты. Ага ылайык, Тажикстандын жарандары Өзбекстанга ички паспорт менен кире алышат. Бирок андан ары үчүнчү өлкөгө, анын ичинде Орусияга чыкпайт деген шарт коюлат. Ушундай эле тартип өзбек жарандары үчүн каралууда.
Журналисттер жазгандай, Тажикстандын тургундары бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алышты. Жаңы эреже кошуна өлкөгө шашылыш иш менен жол тарткан кишилерге өзгөчө ыңгайлуу болмокчу.
Буга чейин Өзбекстандын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин өкүлү өзбек тарап документке кол койгонун, Тажикстандын жактыруусун күтүп жатышканын билдирген.
2024-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өзбек жарандарынын Тажикстан жана Казакстанга ички паспорт менен каттоосуна шарт түзүүнү көздөгөнүн айтып келген.
2018-жылы Өзбекстан менен Тажикстан виза режимин алып салышканы менен жарандар сырткы паспорт менен гана кире алышат.
Расмий статистикага караганда, былтыр Тажикстанга Өзбекстандын бир миллиондон ашуун жараны кирип чыккан. Ошол эле жылы Тажикстандын 2,7 миллион жараны Өзбексатнга саякаттаган.