"Проект": Кыргызстандагы А7 компаниясынын артында Абрамович турушу ыктымал

Роман Абрамович

Батыштын санкцияларын кыйгап өтүү үчүн негизделген орусиялык А7 төлөм платформасынын миллиардер Роман Абрамовичке байланышы бар болушу мүмкүн. Мындай тыянакка «Проект» басылмасы журналисттик иликтөөдөн кийин келди.

Басылманын булактары А7 чет өлкөлөр менен эсеп жүргүзүү рыногундагы эң маанилүү оюнчу деп сыпатташты.

“Азаттыктын” былтыр июлда жарыяланган журналисттик иликтөөсүндө молдовалык ишкер Илан Шордун Орусиядагы А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 токенин же стейблкоинди сатыкка чыгарганы аныкталган.

Шор Молдовада 15 жылга соттолгон, анын аты коррупциялык иштерде аталган.

Расмий түрдө А7 компаниясына ал жана мамлекеттик Промсвязбанк ээлик кылганы менен, журналисттер маектешкен булактардын бири Абрамовичти анын «демөөрчүсү жана калканы» деп атады.

Ал Шорду «схемаларды түзүү» жөндөмү үчүн тандаганын кошумчалады булак.

Финансылык документтерге таянып, «Проект» А7 компаниясына таандык кеңселер адегенде Абрамовичтин бизнес борборлордунда жайгашканын аныктаган. Кийин Геленжиктеги даректе катталганы менен олигархтын кеңселеринде анын эки филиалы калууда.

А7нин кардарлары арасында Еврошаркет менен АКШнын «кара тизмесине» киргизилген орусиялык 25 фирма бар. Анын бешөө орус армиясы Украинага каршы колдонгон дрондорду чыгарат. «Проекттин» маалыматына ылайык, ошол компаниялар А7 аркылуу бир нече миллиондон эки млрд долларга чейин которгон болушу мүмкүн.

Абрамовичтин расмий өкүлү олигархтын бул төлөм платформасына байланышы бар деген маалымат чындыкка туура келбейт деп четке какты.

2024-жылы катталган Grinex криптобиржасында рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылган. Кыргызстанда катталган А7А5 эл аралык криптовалюта базарында чоң көрсөткүчтөргө жетип, жылдык жүгүртүүсү 100 млрд долларга чукулдаганы быйыл март айында жарыяланган.

Былтыр июнда Financial Times басылмасы өз иликтөөсүндө криптобиржа санкциялардан буйтоо үчүн Орусиядан Кыргызстанга жер которгонун, анын артында күмөн иштерде аты аталган молдовалык ишкер Илан Шор турарын билдирген.

Кыргыз бийлиги Орусияга каршы салынган санкцияларды кыйгап өтүү боюнча кыргызстандык банктар менен компанияларга коюлган дооматтарды четке кагып келет.

24-апрелде Кыргызстан президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Илан Шор Кыргызстанда жашап жатканы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Дагы караңыз

Германияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен казак жараны кармалдыТашиевге эки оор берене менен айып тагылдыОрусия Борбор Азияда бөтөн аскерлердин болушу кабыл алынгыс деп эсептейт