Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттады. Катардагы карапайым керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонгон электр жарыгына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон ("Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөйт.

Социалдык жана коомдук мекемелер үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 2 сом 96 тыйын, өндүрүштүк керектөөчүлөргө 3 сом 65 тыйын, коммерциялык керектөөчүлөргө 4 сом 33 тыйын, бюджеттик керектөөчүлөргө 4 сом 62 тыйын жана автоунаа кубаттоочу жабдуулар үчүн тариф 5 сом 99 тыйын болду.

Өлкөдө инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын 2030-жылга чейин 1-майдан тарта электр жарыгынын баасы көтөрүлүп турат. Ага ылайык, 2027-жылы 33 тыйын, 2028-жылы 39 тыйын кошулат. 2029-жылы 47 тыйынга жана 2030-жылы 57 тыйынга көтөрүлөт.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот деп эсептелген. Анын ичинен 15,7 млрд кВт саатты Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы менен жабат деп күтүлүүдө. Калган 4 млрд кВт саатты коңшу өлкөлөрдөн сатып алат.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилинде Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Кадамжайда селден улам ички жол убактылуу жабылды Хаменеи Иран Ормуз кысыгын коргой турганын билдирдиПезешкиан АКШнын деңиз курчоосу "ийгиликсиз болорун" билдирдиОрусияда Кыргызстандын үч жараны өрттөн каза болдуИш учурунда дарыгерлерди сабагандарга жазаны күчөтүү сунушталдыТрамп Бириккен Араб Эмирлигинин ОПЕКтен чыгуу чечимин колдоду Санарип министрлиги жоюлуп, анын милдети Президенттин иш башкармасына жүктөлдү