Украинада Одесса, Орусияда Туапсе кайрадан дрон чабуулуна кабылды

Туапсе шаарында тартылган сүрөт.

1-майга караган түнү Украинада Одесса облусунун Измаил районундагы порт инфраструктурасы Орусиянын чабуулуна кабылды.

"Душман Измаил районундагы порт инфраструктурасына абадан сокку урду. Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы өрттү тез арада өчүрдү", - деп билдирди райондук мамлекеттик администрация.

Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар катталган жок.

Анын алдында Одессада көп кабаттуу эки турак жайга дрон менен сокку урулуп, өрт чыкканын шаардык аскер администрациясынын башчысы Сергей Лысак жана Украинанын Аба күчтөрүнүн маалымат кызматы билдирген.

"Учурда биз курмандыктар жана келтирилген зыяндын көлөмү тууралуу маалыматты тактап жатабыз", - деп жазган Лысак Telegram баракчасына.

Ал тапта Орусияда Краснодар крайынын ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Туапсе деңиз терминалына кайрадан дрон чабуулу жасалды. Штаб соккудан өрт чыкканын, буга украин тарап айыптуу экенин билдирди.

Ушуну менен соңку эки жумада орусиялык деңиз порту төртүнчү жолу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды.

Өрттү өчүрүүгө 128 адам жана 41 техника тартылганы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени маалымдалды.

Туапседе соңку кырдаалды экологиялык кырсык деп атап, "мунай жамгыры" жааганын, деңизде мунай калдыктары пайда болгонун кабарлап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттадыПаспорт баасы парламентте көтөрүлдү Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?Кадамжайда селден улам ички жол убактылуу жабылды