Израилдин президенти Ицхак Герцог Казакстанга болгон мамлекеттик сапарында “Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү максатында колдонушу мүмкүн” экенин билдирди. Бул тууралуу ал Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн раввиндери менен жолугушууда айтканын JNS басылмасы жазды.
Анда Кыргызстандагы раввин Арье Райхман Ирандын коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник жакында эле Бишкекке иш сапары менен келгенин белгилеген. Ал учурдагы геосаясий кырдаалды жана Иран менен АКШ-Израил альянсынын ортосундагы жакында эле болгон атышууну токтотууну эске алганда бул сапар күтүлбөгөн окуя болгонун айткан.
Ицхак Герцогдун сөзүнө байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) комментарий бере элек.
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов пикирин билдирип, Ицхак Герцогдун сөзүн “Кыргызстандын өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү боюнча суверендүү укугуна одоно кийлигишүү жана бурмалоо” деп баалады.
Ирандын коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник 27-апрелде Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саммитине катышуу үчүн келген. 28-апрелде уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен бирге президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон. (BTo)