Президент Садыр Жапаров облустук деңгээлдеги жетекчилер 11-майдан тартып ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштарын билдирди.
Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, май-июнь айларында өтө турган эл менен жергиликтүү бийликтин жолугушуулары Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) менен ЭлТРдин облустук эфирлеринде жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөрүн айтты.
“Ош облусуна болгон сапарымда калк тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн басымдуу көпчүлүгүн сиздердин деңгээлде эле чечип койсо боло турганына көзүм жетти. Албетте, айлап-жылдап чечилбей келаткан маселелер да болушу мүмкүн. Талаштуу маселе болсо, жоопкерчиликти жалгыз алуудан тайсалдап жатсаңыздар жеринде тараптардын жүйөлөрүн угуп, өз ара кеңешип, калыс карап, адилет чечип бериңиздер. Бирок эптеп эле шылтоо таап, борборго жүктөп коюу аракети суу кечпей турганын алдын ала эскертемин! Жазында айтылган көйгөй айтылган боюнча күзгө чейин чечилбей калып кете турган болсо, таарынбаңыздар. Губернатор баш болуп, ошол маселеге тиешеси бар бардык жетекчилер жоопкерчиликке тартыласыздар”, - деди ал.
Президент октябрь-ноябрь айларында ушундай эле форматтагы жолугушуулар уланарын, ага губернаторлор, облустук деңгээлдеги прокуратура, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү жана башка мекеме жетекчилер катышарын кошумчалады.
Садыр Жапаров 10-апрелде беш күндүк иш сапары менен Ош облусуна барып, бир катар райондордо эл менен жолугушууларды өткөргөн. Мындай жолугушууларда эл көбүн эсе мектеп, бала бакча, жол, жер талаш сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүштү. (BTo)