Херсондо кичи автобуска жасалган соккудан эки адам мүрт кетти

Орусиянын дрон чабуулуна кабылган кичи автобус.

2-майдын таңында Херсондо Орусиянын дрону кичи автобуска тийип, эки адам мүрт кетти. Бул тууралуу калаанын аскердик администрация башчысы Ярослав Шанько билдирди. Ал дагы жети жүргүнчү жаракат алганын кошумчалады.

Харьков түнү бою дрон чабуулуна кабылды. Дрон Шевченко районундагы көп кабаттуу имаратка тийген. Харьков аймактык аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, бир киши жаракат алды.

Андан тышкары, Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматында, Харьков облусундагы Васищево айылына жасалган дрон чабуулунан алты адам, анын ичинде бир бала жараат алды.

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү түндө Орусия Украинага 163 дрон атканын, анын 142си жок кылынганын кабарлады.

Украина жана эл аралык уюмдар Орусиянын жарандык инфраструктурага жана жай тургундарга багытталган соккуларын согуш кылмышы деп эсептейт. Далилдерге карабай Москва муну танып, соккулар аскердик буталарга урулуп жатканын билдирип келет. (BTo)

Дагы караңыз

Амангелдиев санкцияга тиешеси бар компаниялардын каттоосу жокко чыгарыларын айттыИран Пакистанга АКШ менен сүйлөшүүнүн жаңы планын сунуштадыОкуу жайларда контрактты көтөрүүгө мораторий киргизилдиЭкс-депутат Сатыбалдиев коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айыпка жыгылдыИцхак Герцог Иран Кыргызстанды санкциядан буйтоо үчүн колдонушу мүмкүн экенин айтты