Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-майда эртең менен социалдык тармактарда украин аскерлери Кара деңиздеги Новороссийск портуна жакын жерде Орусиянын “көмүскө флотуна” таандык делген эки танкерге сокку урганын билдирди.
Зеленскийдин айтымында, операцияны Башкы штабдын башчысы Андрей Гнатовдун жетекчилиги менен Украинанын Коопсуздук кызматы жана Аскер-деңиз күчтөрү ишке ашырган. Ал ошондой эле деңиз учкучсуз аппаратынын чоң кемеге – болжол менен танкерге жакындап келе жатканы көрүнгөн видеону жарыялады.
Зеленский бул окуя качан болгонун тактаган жок, ошондой эле танкерлердин аталыштары жана аларга келтирилген болжолдуу зыян тууралуу маалымат берилген жок.
“Бул танкерлер мунай ташуу үчүн активдүү колдонулуп келген. Эми андай болбойт”, - деп белгиледи украин лидери.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы операция тууралуу азырынча расмий билдире элек.
Орусиялык бийлик өкүлдөрү да эч кандай маалымат жарыялаган жок.
3-майда эртең менен Новороссийск шаарында ракеталык коркунуч жарыяланып, көп өтпөй кайра токтотулган. Новороссийскиге жасалган буга чейинки ири соккулар апрелдин башында болгон. Анда “Шесхарис” мунай терминалы жана порту бутага алынган. Украин аскерлеринин ырастоосунда, Орусиянын “Адмирал Эссен” жана “Адмирал Макаров” фрегаттары жабыркаган.