Басма сөз эркиндиги: Кыргызстан бир жылда эки баскычка төмөндөдү

Бишкек. Сөз эркиндигин талап кылган акциялардын биринде. Архив.

3-майда Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү белгиленди. Кыргызстандык айрым журналисттер бул жылы эч кандай иш-чара өтпөгөнүнө көңүл бурушту. Медиа эксперттер кыргыз журналистикасында мурдагыдай жигер жокпу деп суроо салууда.

Деген менен сөз эркиндиги бир гана журналисттерден көз каранды эместигин айтып, басым-кысымга карабай иликтөөлөр, окуяларды бейтарап чагылдыруу аракети күч экенин айткандар бар.

3-майда Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү белгиленди. Кыргызстандык айрым журналисттер бул жылы эч кандай иш-чара өтпөгөнүнө көңүл бурууда. Медиа эксперттер кыргыз журналистикасында мурдагыдай жигер жокпу деп суроо салууда. Деген менен сөз эркиндиги бир гана журналисттерден көз каранды эместигин айтып, басым-кысымга карабай иликтөөлөр, окуяларды бейтарап чагылдыруу аракети күч экенин айткандар бар. Мунун алдында эле "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаган. Анда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлаган.

Басма сөз эркиндигинин күнү жана кыргыз медиасы

Басма сөз эркиндигинин күнү Кыргызстанда жыл сайын ар кандай иш-чаралар менен белгиленип келген. Көбүнчө ишембилик, көчөт тигүү, ар кандай сынактардын жыйынтыгын чыгаруу сыяктуу акциялар уюштурулчу. Өткөн жылы бул күн медиа тармакка байланыштуу бир катар мыйзамдар кабыл алынган шартта, ал эми эки жыл мурун Бишкекте Журналисттер аллеясында “Бизге басым кылып жатышат, журналисттер болсо көчөт отургузат” деген аталыштагы ишембилик менен белгиленген.

Быйыл болсо бул күн май айынын башындагы катар келген майрамдарга байланыштуу жарыяланган каникулга туш келди.

Журналист Азамат Тынай быйыл бул тууралуу эч ким эстебегенин белгилеп, Фейсбуктагы баракчасында мурдагыдай жигердүүлүк жоголуп баратканын, анын бир нече себептерин жазды.

Азамат Тынай

"Журналисттер коомчулугу көп жылдардан бери биринчи жолу бул күндү белгилебей калды. Мурда ишембиликтер, веложүрүштөр уюштурулуп, ар түрдүү сынактар, турнирлер болуп турар эле. Өтө өкүнүчтүү абал болуп калды. "Интерньюс", "Сорос-Кыргызстан" же болбосо IWPR өңдүү уюмдардын жабылып калышы гана буга себеп болгон жок. Маселе андан да терең турат. ЖМКлар иденттүүлүгүн жоготууда. Прессанын тилектештиги азыр эч кимге кереги жок болуп калгандай. Мурда "бийликтин төртүнчү бутагы" аталып келген журналистика азыр жок, журналистиканын жаңы этабы болсо баштала элек",-деп жазган Тынаев.

Деген менен эркин медиа өкүлдөрү өз ишин ар кандай тоскоолдуктарга карабай улантып жатканын белгилегендер да бар.

Журналист Адил Турдукулов Кыргызстандагы эркин медианын ролу жана орду эбегейсиз чоң деп эсептейт. Маселен, Европада бийликтин ишин тескеген демократиялык институттар, анын ичинде парламенттик оппозиция, сот системасы жана көз карандысыз прокуратура болсо, Кыргызстанда бул жаатта иш калыбына салына электигине байланыштуу дал ушул эркин медиалар бул функцияны аткарып жатканын айтууда. Анын белгилешинче, журналистика кыргыз коому үчүн маанилүү институт бойдон кала берүүдө:

Адил Турдукулов

"Бизде бүт көзөмөлдөөчү функцияны эркин медиалар алган. Ошондуктан аларга соңку жылдары басым күчөп жатканы ачык эле нерсе болчу. Азыр чет жакка чыгып кетсе да иликтөө жасаган коллегалар бар. Алар мындай кылууга аргасыз, бирок ошол эле учурда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга толук саресеп сала алабы деген суроо жаралат. Аларга азыр далилдүү ресурстар жетишсиз. Азыр Кыргызстанда көз карандысыз журналистика бар, ал өлгөн жок. Болгону ишин толук аткара албай жатат. Бийлик ага жол бербей жатат, сын айттырбайт. Ошентсе да саясатты айтып, депутат, министр өңдүү аткаминерлерди сындоо бар бизде".

Журналист Миржан Балыбаев сөз эркиндигине байланыштуу жагдай бир гана журналисттерден көз каранды эмес, буга бир канча фактор себеп болуп жатат деген пикирде:

Миржан Балыбаев

"Сөз эркиндигинин абалы жылдан жылга начарлап баратышы улам бир көз карандысыз медианын жабылышынан байкалат. Медианы колдогон донорлор, фонддор кетти, мурдагыдай каржылык колдоосу жок болууда. Азыр, албетте, медиа ачып, аны иштетүүгө аракет кылгандар жок эмес, бирок алардын иши аз, майда болууда. Саны бар, бирок сапат жок. Жоопкерчиликтүү журналистика менен блогерликтин чегин таппай калдык. Блогерлер журналистиканын ордун талашып, атүгүл ошол аркылуу саясатка да аралашып кеткендери болууда. Мына ушундай жагдайдар көп маселелерди жаратууда. Андан сырткары, эркин журналистика кысымга алынып, дээрлик жок болуп кетүү коркунучунда турушуна өлкөдөгү саясий абалдын түздөн-түз таасири бар. Көптөгөн журналисттер камалып, айрымдары сыртка айдалды. Ушундай шартта эркин медиа өнүгө албайт. Эркин журналистика жок болсо эле баары жайма-жай болуп калчудай элес боло берет. Бирок журналистика коомдун нерви деп айтар элем. Журналистика коомдун, элдин үнүн ортомчу катары бийликке жеткирип турат. Журналистика жоголсо мына ошол элдин үнүн бийлик укпай калат. Жалаң мамлекеттик медиалар пропагандалык материалдарды жасап, чындыкты, реалдуу абалды айтпайт. Бул түздөн-түз мамлекетке зыянын тийгизет".

Дагы караңыз

Amnesty International Кыргызстанда журналисттерге басым уланып жатканын билдирди


Медиа серепчи Марат Токоев бир гана Кыргызстандагы журналистика эмес, дүйнөлүк ЖМКлар дагы башынан оор күндөрдү кечирип жатканын белгиледи:

Марат Токоев

"Медиалардын бизнес планы алсырап, керектөөчүлөрдүн табити өзгөрдү. Азыркы учурда медиаларга жашап кетүү өтө кыйын болууда. Көптөгөнү жабылууда. Мындан он жыл мурдагы менен бүгүнкү күндүн айырмачылыгы асман менен жердей болуп калды. Медиа катары иштеп аткан мекемелер аз, көбү чакан. Ушундай шартта "кантип жашап кетсе болот?" деген суроо пайда болот. Чыныгы калыс маалымат жеткирген, салмактуу медиалар жашап кетиши үчүн учурдагы бизнес модель жарабай калды. Ошондуктан аларга сырттан кандайдыр бир колдоо керек. Бирок, тилекке каршы, ошол гранттар да кыска мөөнөткө берилип, белгилүү бир багыттарды гана колдойт. Ал ар бир эле медианын көздөгөн максаттарына шайкеш келбей калып жатат. Журналистика өзү пайда алып келе турчу тармак эмес, ошондуктан азыр бул жаатта иштеген адистер аябай чоң колдоого муктаж болуп турат. Алардын айлыгы аз, тобокелдиктер өтө көп болууда. ММК иштеп кетиши үчүн кандай бизнес моделдерди колдонуш керек деген суроонун айланасында жакшы иш алып баруу керек болуп турат азыр".

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун рейтинги

3-май - Басма сөз эркиндигинин күнүнө карата "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму жыл сайын жарыялап келген рейтингинде Кыргызстан быйыл эки баскычка ылдыйлады. Уюм жаңы докладында 180 өлкөнүн рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашты.

Аталган уюм өз классификациясын 25 жылдан бери чыгарып келет. RSF белгилегендей, биринчи жолу тарыхта дүйнөдөгү өлкөлөрдүн дээрлик жарымында басма сөз эркиндигинин абалы “кыйын” же "өтө оор” деп сыпатталды, орточо упай эч качан мынчалык төмөн болгон эмес.

Уюм улам бир жерде болуп жаткан журналистиканы муунтуу аракеттерин, кабарчыларга кесибин аркалоодо түзүлгөн тоскоолдуктарды, улуттук коопсуздукка шилтеп сөз эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышын сындады.

"Европа жана Борбор Азия аймагы калыптанган баалуулуктар өзгөртүлүп, мыйзамдар бийликтин кызыкчылыгында пайдаланып, жөнөкөй жарандардын маалымат алуу укуктары чектелип жаткан масштабдуу экспериментти эске салат", - деп жазган докладдын авторлору.

Алсак, 135-орундагы Грузиянын көрсөткүчү былтыркыга караганда 21 баскычка төмөндөдү. Өлкө демократиялык кризиске туш болуп, чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан элдик демонстрациялар күч менен басылган. RSF Өзбекстанды 147, Казакстанды 149, Тажикстанды 155 жана Түркмөнстанды 173-орунга жайгаштырды.

Казакстан рейтингде 8 сапка түштү. Авторлор ал өлкөдө мыйзамдар күчөтүлүп, журналисттерге кыйыр басым болгонун, интернет мейкиндигинде репрессивдүү саясат жүргүзүлгөнүн, прессага каршы кылмыштар жазасыз калып жатканын белгилешти.

Кыргызстанда да ушундай эле тенденция байкалганы белгиленип, журналисттердин укуктук кепилдиктери чабал болуп калганы айтылды.

Докладда Орусия жана Беларус журналисттер үчүн эң ири абакка айланганы айтылды.

Кыргызстандын бийлиги мындай дооматтарга өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголот деп такай кайталап келет. Оболу сөз эркиндиги жана демократия деген "биринчи кезекте жоопкерчилик" экенин эскертип жүрөт.

Эркин медиа өкүлдөрүнө тагылган айыптар

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2025-жылдын 28-октябрында Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана бул долбоорлорго катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан.

Бул медиалардын материалдарына “жакты” белгисин басууга жана социалдык тармактарда бөлүшүүгө болбойт. Себеби, бул экстремисттик уюмду колдоо жана экстремисттик материалдарды жайылтуу деп саналышы мүмкүн.

Дагы караңыз

Сот Махабат Тажибек кызын эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен абактан чыгарууну чечти

Temirov Live жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорун иликтөөчү журналист Болот Темиров негиздеген. Ал өзү “Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган, документи жараксыз” деген соттун чечими менен 2022-жылы Орусияга мажбурлап чыгарылган. Болот Темиров өзү жетектеген медиаларга Кыргызстандагы коррупция боюнча иликтөөлөрдү байма-бай жарыялап келет.

Кыргызстанда булардан сырткары эркин жана активдүү маалымат каражаттарынан Kaktus Media, 24.kg, Tandyr Media өңдүү медиаларды атай кетсек болот. Алардын ичинен мурда «Апрель» телеканалы аталган медианы өткөн жылы августта сот жабуу чечимин кабыл алып, анын кызматкерлери Tandyr Media деген соцбаракчасын ачып, иштетип келатышат.

Көз карандысыз журналистика бир катар иликтөөлөрдү жасап, көптөгөн коррупциялык иштердин бетин ачып, саясаттагы өзгөрүүлөрдү белгилеп келе жатканын айткандар да бар.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 21-апрелде жарыялаган жылдык баяндамасында дүйнө жүзүндө, анын ичинде Борбор Азияда жарандык коомго кысым күчөп жатканын билдирди. State of the World’s Human Rights деп аталган документте Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө укук жана эркиндик чектелип жатканы белгилеген.

Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызы 2024-жылы "Массалык башаламандыктарга чакырык" беренесенинин негизинде алты жылга абакка кесилип, быйыл 23-мартта эч кайда кетпөө тил катынын негизинде камактан чыккан. Анын кармалып, кылмыш иши козголуп, абакка кесилишин бир катар эл аралык уюмдар, медиа эксперттер, журналисттер коомчулугу сындап, бийликке жакпаган айрым иликтөөлөрү үчүн куугунтукка кабылганын айтышкан.

Дагы бир эркин журналист Канышай Мамыркулова дээрлик жети ай камакта жатып, быйыл февралдын ортосунда пробация менен абактан бошотулган. Бул окуяны бир катар медиа эксперттер, эл аралык уюмдар да сөз эркиндигин чектөө катары эсептеп, журналистиканы басмырлоо катары баалашкан. Көбү кылмыш ишин кыскартып, журналистти эркиндикке кое берүүгө чакырган.

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар"

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана демократия өкүм сүрүп жатат деген пикирин улам айтып келет. "Кабар" маалымат агенттигине 29-январда курган кыска маегинде ал жарандар тигил же бул маселе боюнча ойлорун ээн-эркин эле билдирип, бийликке ачык эле сын айтып жатканын айткан. Ошол эле учурда ал сөз эркиндиги биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбоону эскерткен:

Садыр Жапаров

"Сөз эркиндиги да, демократия да бар. Мурда сөз эркиндиги кандай болсо азыр деле андан кем калбайт. Социалдык тармактагы баракчаларындабы, жалпыга маалымдоо каражаттарында болобу жарандарыбыз каалаганын каалагандай эле айтып жатат. Аларды “кой-ай” деген эч ким жок. Тигил же бул маселеге карата өз ойлорун ээн-эркин эле билдирип жатышат. Аны баары эле көрүп, окуп, бөлүшүп, зарыл дегендер чагылдырып эле жатпайбы. Азыр муну окугандар “айрымдарды укук коргоо органдары кармап кетип жатпайбы, адам укуктары бузулуп жатпайбы” деши мүмкүн. Сөз эркиндиги жана демократия деген биринчи кезекте жоопкерчилик экенин эстен чыгарбасак. Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алышып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар. Аларды башынан сылап отуруш керекпи? Адамды камап коюш оюнчук эмес. Органдар соттун санкциясы менен атайын иш-чараларды жүргүзөт. Аудио, видео далилдерди чогултушат”.

Дагы караңыз

Президент “Мейкин” сыйлыгын тапшырууда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Президент блогерлер да, журналисттер да өз ишин эркин алып бара аларын айтып, алардын жоопкерчилигин эске салды. Бийликке нааразылык билдирем дегендерге Бишкекте Максим Горький сейил багына барууну сунуштаган.

Бишкектеги борбордук аянтта, административдик имараттардын, элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына төрт жылга чамалады.