Ленинград облусунун Приозерск шаарынын 29 жаштагы тургуну Илья Тарасовду сот мамлекетке чыккынчылыкка айыптап, 12 жылга эркиндигинен ажыратканын "Медиазона" облустук соттун маалымат кызматына шилтеме кылып жазды.
Кылмыш ишин козгоого анын 2022-жылы февралда украиналык кайрымдуулук фонддун эсебине 150 доллар (ошол кездеги курс менен 12,5 миңдей рубль) которгону негиз берген.
Тергөө Тарасовду украин куралдуу күчтөрүнө акча которгон деп айыптаган. Ал болсо акча которуунун максаты Украинанын жай тургундарына жардам деп белгилеген.
Тарасов Санкт-Петербург шаарында 2025-жылы, мартта кармалып, тергөө абагына камалган. Соттун билдирүүсүндө айтылгандай, ал украиналык телеграм-каналдарга жазылып, Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы экенин билдирген.
"Мемориал" долбоору Тарасовду саясий туткундардын тизмесине кошкон.
Орусияда буга чейин да Украинадагы тааныштарына, түрдүү кайрымдуулук уюмдарына акчалай жардам бергени үчүн жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар катталган.