Украинадагы согушта мерт кеткен орусиялык аскерлердин саны 2025-жылдын аягына карай 352 миңге жетти. Мындай маалымат "Медуза" жана "Медиазона" долбоорлорунун биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.
Басылмалар Mediazona, Би-Би-Синин орус кызматы жана ыктыярчылар тобу менен биргеликте түзгөн маркумдардын тизмесине, Орусиянын мурас иштери реестринин маалыматтарына таянган.
Курман болгондордун ысымын мурастык иштер реестринин тизмеси менен салыштырып жатып, иликтөөнүн авторлору реестрге согушта өлгөндөр жаш курагы жана социалдык тобуна карай киргизилиши ыктымалдыгын эске алышкан.
352 миң адамдын 261 миңи каза тапкандар - сот чечими менен дайынсыз жоголгон, өлгөн деп табылгандар, ал эми 90 миңи каза болгондон 180 күндөн кийин гана катталгандар. Журналисттер Украинадагы согушка Орусия тараптан катышып, мерт болгон чет өлкөлүк жарандарды эсепке албаганын белгилешти.
Иликтөөчүлөр бул статистикалык баалоо экенин, болжолдуу маалымат экенин белгилешүүдө.
"Конкреттүү бир санды көрсөтүү менен биз борбордук, көбүрөөк ыктымалдуу маанилер жөнүндө айтып жатабыз", - деп айтылат басылмада.
Буга чейин журналисттер Украинадагы согушта мерт кеткен 217 миң адамдын аты-жөнүн аныкташкан.
Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.