Петер Мадьяр Венгриянын премьер-министри кызматына киришти

Петер Мадьяр Венгриянын жаңы парламентинин отурумунда ант берди. Будапешт. 9-май, 2026-жыл.

"Тиса" партиясынын лидери Петер Мадьяр Венгриянын премьер-министри катары ант берип, сөз сүйлөдү.

Мадьяр мажар эли анын партиясына "өлкө тарыхындагы жаңы бөлүмдү баштоого мандат бергенин" айтты.

"Өкмөттү алмаштырууга гана эмес, системаны өзгөртүүгө мандат. Баарын башынан баштоого мандат", – деди Мадьяр.

Ал ошондой эле мурунку премьер Виктор Орбандын башкаруусу учурунда Венгрия Евробиримдиктеги эң коррупциялашкан өлкө болгонун билдирип, Орбандын тушунда дайындалгандарды, өлкөнүн президентин да айдын аягына чейин кызматтан кетүүгө чакырды.

Жаңы премьер-министр катары Мадьяр Орбандын узак башкаруусу тушунда кызыкчылыктары, карьерасы, ишеними жана үмүтү өчкөн жарандардан кечирим сурады. Мадьяр "Фидес" партиясы менен көп жыл чырдашкан мугалимдерди, айлык акысы аз дарыгерлерди, эркин иштей албаган журналисттерди, аргасыз эмигрант болгондорду жана колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрү үчүн чыгармачыл адамдарды өзүнчө атап кетти.

Мадьяр Евробиримдикти колдорун, анын өкмөтү Орбандын сүйүктүү сөзү болгон "суверендүүлүктү" жалгыздык менен алмаштырбасын белгиледи. Жаңы шайланган парламент Евробиримдиктин гимнин ырдады.

Расмий билдирүүдөн кийин Петер Мадьяр жана анын кабинетинин мүчөлөрү Кошут аянтына чогулган элдин алдына чыгышты. Аянттагы салтанат түн оогончо созулду. Будапештте майрамдык атмосфера түзүлдү.

Петер Мадьярдын "Тиса" партиясы быйыл 12-апрелдеги парламенттик шайлоодо утуп чыккан. Оңчул орточул, еввропачыл көз караштагы "Тиса" парламенттеги 199 орундун 141ин алып, констутициялык көпчүлүккө ээ болгон. Мындай жеңиш Виктор Орбан жүргүзгөн шайлоо реформасынан улам мүмкүн болду. 2014-жылы ишке кирген жаңы мыйзам шайлоодо утуп чыккан партияга коалициясыз эле көпчүлүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бийликте 16 жылдан ашык отурган Орбан шайлоо жыйынтыгын таанып, жеңилгенин мойнуна алган, бир нече күндөн кийин мандаттан баш тартарын жана жаңы парламентте иштебесин билдирген.

Дагы караңыз

Ушаков ок атышпоо келишими узарбай турганын айтты "Өлбөс полк" жүрүшү: эскерүүбү же пропагандабы? "Сөөктөр баштыкта келет". Украин талаасында жоголгон аскерлерИликтөө: Орусия Украинадагы согушта 352 миң аскерин жоготту“Достук” соода-экономикалык паркы үч өлкөнү байытабы?